Бүгүн, 28-мартта таажывирустун эпидемиологиялык абалына ылайык, саат 22:00дө Казакстанда вирусту жуктуруп алган дагы 20 учур катталган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда вирус жуктуруп алгандардын ичинен Нур-Султан шаарында – 18, Алматы шаарында – 1, Акмола облусунда – 1 учур катталган.
Учурда Казакстан республикасында жалпы 228 жаран таажывирус илдетин жуктурган. Анын ичинен Нур-Султан шаарында 135, Алматы шаарында 59, Караганды облусунда 7, Атырау облусунда 5, Акмола облусунда 6, Жамбыл облусунда 3, Шымкентте- 2, Чыгыш Казакстан облусунда – 2, Алматы облусунда – 4 , Актөбө облусунда – 1, Түндүк Казакстан облусунда – 1, Павлодар облусунда – 1, Мангистау облусунда – 1, Кызылорда облусунда – 1 учур катталган.
Казакстанда вирустун кесепетинен 1 адам каза болду. Өлкөнүн Нур-Султан жана Алматы шаарлары учурда карантинде.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ