Бүгүн, 27-мартта Италияда таажывирустан өлгөндөрдүн саны боюнча рекорд коюлуп, акыркы бир суткада 969 адам көз жумганы расмий айтылды. Өлкө боюнча эпидемия башталгандан бери 9134 адам таажывирустан жан таслим болгон. Бул тууралу Оbozrevatel басылмасы билдирет.
Италиянын Саламаттыкты сактоо жана өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссары Доменико Аркуринин айтуусунда бул көрсөткүч дүйнө жүзүндө таажывирус таркай баштагандан берки эң көп сандагы көрсөткүч болуп эсептелет.
Ошондой эле бүгүн Италияда 5969 адамдан таажывирус табылган, ал эми бул апаатка чалдыккандардын жалпы саны өлкөдө 86498 адамды түзөт. Ошентип Италия Кытайды да өлгөндөрдүн жана жуктургандардын саны жагынан басып өттү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ