Menu

Видео – Москвадан Кыргызстанга уча албай калган кыргыздарга кыйын болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-мартта Кыргызстандын Россиядагы элчилилиги Москва шаарынын аэропортторунда авиакаттамдарды күткөн кыргызстандык жарандардын чогулуусу тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирет.

Үстүбүздөгү жылдын 25-мартында жокко чыгарылган каттамдарга билет алган жарандар менен жолугуу үчүн  Элчиликтин алдындагы Штабдын мүчөлөрү “Шереметьево” аэропортуна барышты. Кезектеги жолугушуу Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын лидер, активисттери менен биргеликте ишке ашырылды.

Аэропортто 25-мартта саат 19.00 карата 78 КРнын жараны, ошондой эле транзиттик аймакта Нью-Йорктон (3), Орегонадан (1), Лондондон (1), Минск шаарынан (1), Мальдивадан (2), ошондой эле Москвадан (6), жалпысынан 14 жаран жайгашкан.

Штабдын мүчөлөрү коронавирус инфекциясына байланыштуу Кыргыз Республикасында өзгөчө киргизилиши менен рейстердин болбой калышына байланыштуу белгисиз бир себептер менен аэропорттун аймагында калууга болбой тургандыгын чогулгандарга айтышты.  Айтылган. Түшүндүрмө иштеринен кийин көпчүлүк жарандар Москвадагы убактылуу үйлөрүнө катышкан.

Мындан сырткары, аэропорттун транзиттик аймагында калган жарандар менен маектешип, азыркы кырдаал түшүндүрүлүп, жакынкы болоор каттам менен кетирүү тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле аларды тамак-аш менен камсызды кылышты.

Авиакаттамды күткөндөрдүн арасында буту ооруган жаран бар болгондуктан, азыркы кезде Элчилик аны ооруканага жаткыруу аракеттерин көрүүдө.

Кыргызстанда жана Россияда коронавирустук инфекцияга байланыштуу катаал кырдаалга байланыштуу, Элчилик дагы бир жолу авиакаттамдардын журбөй калышына байланыштуу аэропортторго барууну токтотууну жана коронавируска каршы аракет көрүү боюнча Кыргызстандын республикалык Штабы жана Россиянын Координациялык кеңеши тарабынан киргизилген шарттарды, мыйзам, тартиптерди бузбай, санитардык-медициналык көрсөтмөлөрдү сактоого чакырат.

Ошондой эле Россия Федерациясы үстүбүздөгү жылдын 27-мартынан тартып, үзгүлтүксүз жана чартердик авиа каттамдардын баарын толугу менен жапкандыгын да маалымдап кетебиз.

Өз кезегинде КРнын РФдагы Элчилигинин алдындагы  Штаб күчөтүлгөн режимде иш алып барууну улантууда, Москва шаарынан биздин мекендештер кеткен  – «Домодедово», «Шереметьево» аэпропортторунда өз компетенциясынын чегинде россиялык өнөктөштөрү, авикомпаниялардын өкүлдөрү менен биргеликте тийиштүү бардык иштерди жүргүзүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: