Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясына Жолдошбек Жунушев жетекчи болуп келгенде кубандыкэле. Иштин көзүн билген жетекчи келди деп. Колдоого алганбыз. Бирок, убакыттын өтүшү менен Жолдошбек мырзанын артынан сөз ээрчий баштады.
Бизге жеткен маалыматка таянсак Жунушов өзөктүү маселелер менен алектенбей өңчөй кызматкерлерин алмаштыруу, бирин чоңойтуп, чоңун кичирейтүү менен алектенип баштаптыр. «Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт» дейт элибизде.
Анын сыңарындай бирин кетирип, бирин алып келүү менен Жунушев эмне максатка жеткиси келет? Же капчыгын кампайтып жатабы? Болбосо, кадр алмаштыруу менен кыйраткан иштерди кылып атам деп айткысы келеби? Айтор, соболдор арбын жооп жок. Гезит аркылуу кулак каргыш кылалы. Эстүү киши эмеспи. Болбосо, кайсы кадрды каякка жылдырып атканы, анысы кайдан өң-таанышы экенин көзүнө сайып деле көргөзүп беребиз. Өзүңүздүн «КАДРларды» көтөрүү менен алектенбей, Экотехинспекциянын «КАДЫРЫН» көтөрүү менен алектениңиз Жолдош Маликович!
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ