Menu

Тиллаев сыйлык эле тиленип калыптыр

Бөлүшүү:

Каржы министрлигин үч жарым жылдан ашуун башкарган Адылбек Касымалиев акыры кызматтан алынды. Ал түйшүгү чоң, татаал, бирок абдан “майлуу” министрликти укмуш кылып гүлдөтүп алдыга сүйрөп жиберген жок, бирок ошону менен катар аталган министрликти такыр чөктүрүп, сазга тыгып жиберген жок.

Калыс айтсак, орто деңгээлде иштеди. Бирок жоош министр катары көп депутаттардын каржыга байланыштуу маселелерин чечип берди. Бул жагы белгилүү. Касымалиевдин жакшылыгын көп көргөн депутаттар ал кызматтан алынганда, ичтери ачышып, мактап эле жатып калышты. Алардын бири РАЖдын депутаты Таабалды Тиллаев Касымалиевге “өз каалоосу менен кызматтан кеткени үчүн” мамлекеттик сыйлык берүү маселесин козгоду. Кыйратып иштебегендерге эмненин сыйлыгы? Тиллаевдин бирөөнө сыйлык тиленип, кошоматка кой сойбой шүк олтурганы калк ичиндеги аздыр-көптүр кадыр- баркын сактап калууга өбөлгө болоор.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: