Menu

УКМК Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) 29-октябрда тараткан билдирүүсүнө жооп кайтарды

Бөлүшүү:

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси жана анын эң жакын санаалаштарынын бири катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов тергөө менен жигердүү кызматташууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын өкүлү Рахат Сулайманов  билдирди.

– Буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө уланууда. Тергөө ар тараптуу жана калыс жүргүзүлүп жатат. Маалыматтарда айтылган акча каражаты берилгени жана кай жакка коротулганы боюнча бардык жагдайлар аныкталып жатат. Тергөөдө Илмиянов акчаны алганы тууралуу жетиштүү далилдер бар. Илмиянов тергөө менен жигердүү кызматташууда.

УКМК муну менен Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) 29-октябрда тараткан билдирүүсүнө жооп кайтарды. КСДП буга чейин “Икрамжан Илмиянов алды” деген акчага байланыштуу УКМКнын тергөөчүсүнөн келген катты жана ага жазылган жоопту жарыялаган.

Атайын кызматтан келген, “24-октябрда жазылды” деген катта “тергөөнүн жүрүшүндө 2017-жылы 8-августта президенттик шайлоо штабдын башчысынын орун басары Икрамжан Илмиянов “Дизел комплект” аттуу компаниянын өкүлдөрүнөн 150 миң долларды демөөрчүлүк жардам катары алганы аныкталды” деп айтылган.

КСДП партия бир добуштан президенттикке Сооронбай Жээнбековду көрсөткөнүн билдирип, ошондуктан бардык суроолор боюнча Жээнбеков менен анын штабына же БШКга кайрылууну” сунуш кылган. Ага чейин коомчулукта Икрамжан Илмиянов “тергөө менен кызматташып, бардык маалыматтарды ачып жатканы” тууралуу кабар тарап, КСДП жана анын адвокаты Сергей Слесарев муну “ушак жана атайын даярдалган чагым” катары баалаган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамы катары айтылып жүргөн Икрамжан Илмиянов 20-октябрда Орусияда кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Ага Башкы прокуратура быйыл 28-сентябрда кылмыш ишин козгоп, УКМКнын тергөө абагына камалган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: