Menu

Улукбек Кочкоров, Жогорку Кеңештин экс депутаты: “Текебаев кечээ ким эле да, азыр ким?”

Бөлүшүү:

-Таза, мекенчил деген сөз азыр кыргыз саясатына жат көрүнүш болуп калды окшойт…

-Базар экономикасына байланыштуу материалдык баалуулуктар биринчи орунга чыгып кеткендей. Бирок убакыт келет, ошондо таза, мекен­чил, кесипкөй адамдар сөзсүз орун табат. Учурда эски саясатчылар гана эмес, жаштар дагы финансылык мүмкүнчүлүккө карап калды. Тилекке кар­шы, биздин шайлоо системабыз да патриот эмес, чөнтөгү калыңдарга бийликке келүүгө жол берип жатат. Шайлоо алдында эбегейсиз көп акчаларды талап кылган иш-чаралар болуп жатат. Биз шайлоо системабызды толугу менен реформа кылуубуз зарыл. Шайлоо аркылуу олигархтардын гана бийликке келүү көрүнүшүн жоюубуз керек. Үгүт иштери болуп жатканда бай адамдар биригип алып, элдин башын айлантып, элди алдап коюп жатат. Ар кандай концерттерди, шоуларды өткөрүп, жакшы жарнамаларды кылып, акчасы барлар гезит, радио, телевидениенин баарын ээлеп алып, элди алдап жатат. Тилекке каршы, таза бирок каражаты аз адамдар мүмкүнчүлүктөн ажырап калууда.

Сиздин оюңузча бул көрүнүштөрдү жоюу үчүн кандай чара колдонуу зарыл?

-Шайлоо системасын толугу менен өзгөртүү учурдун талабы. Мыйзам чегинде шайлоого байланыштуу финансылык чыгымдарды чектөө зарыл. Экинчиден баарына бирдей шарт түзүп, баарына паритеттүү түрдө бирдей мүмкүнчүлүк берилиши керек. Айрым партиялар акчасынын жоктугунан жарнама кылууга шарты жок дагы, капчыгы калыңдар улам жарнама бере берип элдин кулагына сиңип калып жатат. Бир дагы пар­тия ашыкча бир да мүнөт эфирден колдоно албай тургандай чектөө коюу керек. Андан сырткары кеңири дебаттарды өткөрүү зарыл. Өкмөттүк телевидение, өкмөттүк радиолор мыйзамдын негизинде ушул иштерди алып баруусу керек. Бул кайсы партиянын кандай программасы, платформасы бар экенин элге жеткирип, алардын дараметин аныктамак жана шайлоочулардын туура тандоосуна шарт түзмөк.

Экинчиси, партиялык тизме менен эмес, эл ким үчүн добуш берсе, ошол адамдар бийликке келиши зарыл. Анткени тизменин башына каражаты көп адамдар туруп, ошолор депутат болуп келип калууда. Преференциалдуу шай­лоо системасын киргизүү абзел. Партия ичинен дагы конкреттүү, татыктуу талапкерди шайлоо мүмкүнчүлүгү болушу керек.

Мындай өзгөртүүлөр киргизилмейинче Кыргызстанда эл күткөн, эл маселесин чечкен бийлик келүүсү мүмкүн эмес. Элибиздин жакыр болгонуна байланыштуу акча маселеси кендирди кесип, добушту сатып алуулар болуп жатат. Ошол акчаны берген адам дагы, аны алган адам дагы жоопкерчиликке тартылышы керек. Бул боюнча өтө катаал мыйзам керек. Ошондой эле элдердин шайлоого катышуусуна дагы көңүл буруу зарыл. Шайлоодогу бурмалоодон улам көпчүлүктүн ишеними кетип, шайлоого келбей койгон учурлар көп болуп жатат. Биз ушул стереотипти өзгөртүп, ар бир адам “менин добушум мамлекеттин келечегин чечет” деген ишенимге ээ болуусуна жетишүү зарыл.

Азыркы саясий абалга кандай баа бересиз?

-Биз канчалык реформаларды кылып жатабыз дегенибиз менен тилекке каршы элдин кызыкчылыгына багытталган реформаларды кыла албай келебиз. Реформалар бийликтин кызыкчылыгын гана көздөп жатат. Бүгүн саясий күчтөр бийлик талашуу менен гана алек. Экономикабыз деле өсүп кеткен жок. Бюджет көбөйдү, эконо­мика жогорулады деп КТРКдан байма-бай маалымат кетип жатат, бирок бул өнүгүүнү эл жон териси менен сезбей келет.

“Ата Мекен” менен бийликтин тирешине болгон көз карашыңыз…

-Эртели-кечпи бул жагдай чыгат болчу. Булар эки башка саясий партия, эки башка саясий күч. Адам өзүн күчтүү сезгенде өзүнүн бийлигин, мүмкүнчүлүгүн көбөйтүү аракетин көрөт. КСДП дал ушундай иштерди аткара баштаганда “Ата Мекен” нааразы болуп, ушундай тирешүү келип чыкты. Мунун баары реформалардын түпкү максаты элдин жыргалчылыгын ойлобогондугунун кесепети. Саясий күчтөр бийликте отургандагысын гана ойлоп, өзүнө ыңгайлаштырып реформа жүргүзүшөт. Бирок алар эртен эле суунун наркы өйүзүндө болуп каларын ойлонбойт. Текебаевдин абалын көрүп жаным ушунчалык кейиди. Ал кечээ ким эле дагы, бүгүн кандай абалда калды? Азыр Текебаев туура реформа кылбаганын ойлонуп жатса керек.

Дача-Суудагы кыйраган учактагы жүктүн ээсинин табылбай жатышы эмнеден улам болуп жатат деп ойлойсуз?

-Бул кандуу жүк Түркиядагы ишкердин жүгү болгондо 2-3 күндө эле аныкталып, камсыздандырылган компаниядан чыгымды төлөтүп алып жатканда эле баары ачыкка чыкмак. Себеби эл аралык жүк ташууда жүктөрдүн баары камсыздандырылган болот. 99,9 пайыз бул жүктүн ээси Кыргызстанда экенине көзүм жетет. Ким экенин божомолдоп айтуу кыйын. Бирок ээси Кыргыз­станда.

Анда эмнеге коомчулукка анын ким экени айтылбай келет?

-Эгерде бул жөнөкөй ишкердин жүгү болгон­до бат эле баары ачыкка чыкмак. Демек бул жүк бийликке тиешеси бар адамдардын же бийликте отурган адамдардын же алардын жакындарынын жүгү болгону үчүн ачыкка чыкпай келе жатат.

Убагында Атамбаевдин Каримов жөнүндө айткан сөзүн коомчулукка билдирип койгонуңуз үчүн сизди саясатка жолотпой, бийлик кодулап жүрөт деген сөздөргө кошуласызбы?

-Бул өзү туура эмес болгон. Бирок аны айтканымды толук мойнума алам. Мен айткан сөз жабык эшик артында, партиялаштар менен отур­ган учурда айтылган. Ошол маалда чек арадагы элдин абалына жараша чечилбей жаткан маселе боюнча айтылган сөз. Айрымдар “маек берген, эл менен жолугушууда айткан” деп жүрүшөт, бирок мындай эмес, бул тар чөйрөдө айтылган сөздөр эле. Бирок өзүбүздүн арабыздан эле адамдар видеого тартып, аны таратып жиберген. Бирок мен Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилеге кедергесин тийгизишине каршы элем. Мен каалабаган нерсе болуп кетти. Бийлик, пре­зидент тарабынан кодулоо болуп келет. Бирок бир эле бул маселеге байланыштуу эмес деп ойлойм. Мен Жогорку Кеңеште бир позицияны карманып келгем жана ал көп учурда президентке, өкмөткө каршы болуп келген. Бийлик тара­бынан бут тосуулар жакшы эле болуп келүүдө.

 Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: