Menu

Жамила – кыргыз кыздарынан биринчи болуп олимпиаданы тейледи

Бөлүшүү:

Жамила Боркоева карындашым жакында эле Аргентинанын борбору Буэнос-Айрес шаарында өткөн кезектеги үчүнчү жаштар олимпиадасына бокс боюнча калыстык кызматын кылып келди.

АИБАнын үч жылдыздуу рефери-калысы. Кыргыз кыздарынан биринчи жолу олимпиада оюндарында бокс мелдешин мыкты деңгээлде тейлеп, АИБАнын жетекчилигинен жылуу сөз укканын сыймыктануу менен айта отурду.

– Жамила, Аргентина мамлекетинде жаштар арасында өткөн олимпиада оюндарына кандайча барып калдың?

– Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Индонезиянын Джакарта шаарында эл аралык мелдеш учурунда АИБА уюмуна экзамен тапшырып үч жылдыз даражасында рефери-калысы наамы ыйгарылган. Ошондон кийин август айында Азия оюндарына, удаа эле жаштар олимпиадасына чакыруу келди. Кандай гана эл аралык мелдештер болбосун ага калыстык кылуу ишине эл аралык АИБА уюму калыстар менен камсыз кылып, алардын толук чыгымын каржьшашат.

– Жаштар олимпиадасы, Буэнос-Айрес жөнүндө кеп сал. Канча жолу рингге, канча жолу капталда калыстык кылдың?

– Тилекке каршы, биздин мушкерлерден бул олимпиадага күч сынашканы эч кимиси барбады, калыс катары жалгыз мен бардым. Беш жолу рингде, 34 жолу капталда иштедим. Анын ичинде балдар арасында 75 килограмм салмак ченинде финалдык мелдешти тейлегеним мен үчүн күтүүсүз болду. Бизде рефери-калыс болгондон кийин эркек-кызына карабайт. Эки жагын тең тейлөө укугу бирдей каралган.

– «Финалдык» деп калдың, буга чейин деле финалдык мелдештерди тейлегенсиң да? Анын жоопкерчилиги жогору турса керек?

– Ооба. Бирок, сиз айткандай финалдык мелдештерди дасыккан калыстардын тейлөөсүнө ыйгарып, тажрыйбасы барларга басым кылат. Анткен менен 75 килограмм салмак чениндеги мелдеш бүткөндөн кийин АИБАны калыстарга көз салып, өз баасын берип аткан өкүлү мага басып келип «Жамила, финалдык мелдешти жогорку деңгээлде тейледиң, азаматсың, куттуктайм!» деп колумду кыса кармады. Эл аралык мелдештерде биринчи жолку сыймыгым, абдан кубанып калдым.

– «Бармак басты, көз кысты» деген жагдайлар болот бекен?

– Кайсы бир учурда «тиги мелдешти тейлеген калыска протест кылыптыр, аны комиссия карап атыптыр» дегендей сөздөрдү уккан болсом, андайды азырынча жолуктура элекмин. Бу жолу да аябай тынч өттү, протест деген неме болгон жок.

– Мен билгенден, мурзгнку жылдары рингдеги мелдешти тейлөө сен үчүн бир аз оорурактай сезилчү…

– Негизи эле рингдеги калыстын жумушу капталдагыга караганда оорурак. Жоопкерчилик күчтүү. Мурун ар бир рингге чыкканда толкундатып турчумун. Бара-бара такшалып баратам.

– Рингдеги мушкерлер кээде сени кыз деп укпай коюшпайбы?

– Андай учурлар болгон. Бул эми республикалык турнир учурунда. Ал эми эл аралык мелдештерде андайлар чанда кезигет. Ушул боюнча бир нерсе эсиме «кылт» дей түштү. Оор салмактагыларды тейлеген учурда аябай кичине болуп калам, боюм 160 см. «Stop» же «Break» деп үн салсаң мушкерлер үстүдөн ылдый жакты карашат. Бизди сыртта көргөн күйөрмандар күлүп, кыткылыктап атканын байкап калам. Анан эле кыргыз бокс федерациясынын баш катчысы Айнура Сыдыкова эже «стулга чыга калбайсыңбы» деп күлдүрөт. Дагы бир учур, мушкерлер баштарын жерге салып алып пытыратып кирет. Өзгөчө эки атаандаш бир учурда. Айла жоктон күлүп жибересиң. Кадимки эле айылдагы боз балдар ызаланып мушташкан картинаны элес кылышып.

– Анан айтсаң, кыз-келиндердиби же эркектердиби – кимисин тейлеген кыйын?

– Кыздар менен иштепгүү балдарга салыштырмалуу жеңил. Эркектердин ортосуна түшкөндө, ажыратып аткан учурда таамай соккусу мага тийбесе экен деп кооптоносуң. Ошого карабай алардын соккусу колума, ичиме, төшүмө тийип кеткен учурлар болгон. «Байкабай тийип кетти” деп кечирим сурагандар бар, тоң-моюндар да жок эмес.

Булак: «Азия ньюс»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: