Menu

Бүгүн Кайрат Түгөлбаев жана Бексултан Махмудов коло байге үчүн күч сынашат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-октябрда Венгрияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбандары Кайрат Түгөлбаев жана Бексултан Махмудов коло байге үчүн күч сынашат.

Кайрат Түгөлбаев 77 килограммга чейинки салмак ченинде өзүнүн алгачкы атаандашы индиялык Сингх Гурпритти мөөнөтүнөн мурда 9:0 эсебинде жеңип алган. Ал эми экинчи беттеште ал орусиялык Александр Чехирин менен кез келип утулуп калган. Орусиялык спортчу финалга чыккандыгына байланыштуу Түгөлбаев 3-орун үчүн израилдик Егор Петриснин менен беттешет.

Эскерте кетсек, 97 килограммга чейинки салмак ченинде килем үстүнө чыккан Бексултан Махмудов өзүнүн алгачкы атаандашы орусиялык Муса Евлоевден 4:1 эсебинде утулуп калган. Евлоев финалга чыгып эми Махмудов 3-орун болгон үчүн биринчи беттешти ирандык Махди Аббас Алияриф менен өткөрөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: