Menu

27 миллион доллар менен өкмөттүн жыртык – тешиги бүтөлөбү?

Бөлүшүү:

Өкмөт Кумтөр алтын кенин иштеткен «Сеnterrа Gold» компаниясы менен Стратегиялык келишимдин күчүнө кирүү шарттары боюнча мунаса тапканын жарыялады. Маалыматта: буга чейинки каралган шарттардан тышкары “Центерра Голд” кыргыз тарапка кошумча төлөмдөрдү төлөөгө макул болгону айтылат. Анын ичинде компания тарабынан жаңы түзүлгөн.

Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна 5 млн. доллар өлчөмүндө бир жолку төлөм, 12 айдын ичинде дагы 5 млн. долларга бир жолку төлөм, бул фондго «Кumtor Gold Соmраnу» компаниясынын дүң кирешесинин 0,4% эквиваленттүү чегерүүлөр төлөнөт.

Ал эми Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 1 миллион доллар өлчөмүндө жыл сайын төлөм жана Кумтөр кенинде эки жылдын ичинде 16 миллион доллардан кем эмес суммада геологиялык чалгындоо программаларын каржылоо жүргүзүлөт.

Кумтөр боюнча айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү деп аталып стратегиялык келишимге 2017-жылы Сапар Исаков премьер-министр болуп турган учурда кол коюлган. Анда «Центерра Голд» Айлана-чөйрөнү коргоо фондун түзүүгө 50 миллион доллар бөлүп, жыл сайын төлөнчү экологиялык төлөмдү 310 миң доллардан 3 миллион долларга көтөрүүгө макул болгондугуна жооп катары Кыргыз өкмөтү «Центерра Голдго» карата берген экологиялык доодон баш тартмак.

Жаңы шартка ылайык, кыргыз өкмөтү соттук доолордон баш тартабы — азырынча белгисиз.

Чынында жаңы келишимде көрсөтүлгөн бул 27 миллион доллар жалпы коомчулук көптөн күткөн жакшы жыйынтык эмес. Кыргыз өкмөтү дагы эле «далдырап» Кумтөрдүн алтынын казып жаткан «Центтерага» алданып, жемин жедирип жатат.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: