Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ксдпчы депутат Рыскелди Момбеков акыйкатчы институтунун азыркы абалына күйүп-бышып, жалындуу сөздөрдү айтты. Эл өкүлүнүн пикиринде азыр күн сайын ондогон адамдардын укугу тебеленип жаткаса да акыйкатчы жарытылуу иш жасабай жатат.
“Бизде акыйкатчы институту талкаланып бүттү. Бүгүн бул жерге келип алып, кургак сөз менен отчет берип жатасыңар. Жасаган ишиңерден дайын жок. Ондогон адамдар зар какшап, көчөдө акыйкат издеп жүрүшөт. Эмнеге ошолорго жардам бербейсиңер? Кылмыштын баарын кылып, элди кыйнап жаткан – бул чиновниктер. Ошолордун бетин ачып, министрлерди, прокурорлорду иштен кетирүүгө көмөк кылсаңар ошондо гана бул институттун кадыры өсөт”, – деди Момбеков. Бирок, акыйкатчы Оторбаев анын сөздөрүн шылдыңдагансып күлүп отуруп укту. Жооп берген жок.
Эске салсак, бүгүн парламент жыйынында акыйкатчы Кубат Оторбаев жасалган иштер тууралуу баяндама жасап жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ