Menu

Бакыт Бакетаев, серепчи: Президент Сокебиздин 8 айы өттү

Бөлүшүү:

Ар бир президенттик мөөнөттүн жаратылыштай эле төрт саясий мезгили: жаз, жай, күз  жана кыш  бар. Жаңы жыл кыш менен башталса, жаңы бийликтин алгачкы доорону жаз мезгилин элестетет. Президентибиз Сокебиздин  бийлигинин жазы да,  8 айда соңуна чыкты: кар ээриди, суук кетип, бак-дарактар бүчүр байлап, айлана жашарып, күн мээримин төктү. Салыштырып көрсөк буга чейинки президенттерибиз: Акаев, Бакиев жана Атамбаевдин бийлиги да так ушундай жадыраган жаз менен башталган. Жашоо жаңыргансып, адамдардын жүрөгүндө ишеним пайда болуп,  ызгаардын  эпкини кетип…

Эл мындай жашылданууга эреркеп, президентин чын жүрөктөн колдоп, чаң жугузбай ар бир кадамын, ар бир чечимин колдоого алып, “мына, жаңы тепкичке көтөрүлө баштадык” деген үмүттүн жетегинде калат. А бирок, убакыт бир ордунда токтоп, жаз гана орноп тура бербейт экен да. Жаздын артынан жай келет, андан ары күз менен кыш жатат…

Келе жаткан саясий жай кургакчылык болбосун деп тилейли. Күз  коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыктарына мол болуп, казынабызга буга дейре уурдалган каражаттар арбын түшүп, түшүмгө карк тоелу. Ал эми саясаттын кышы чыкыроон суук, оор кардан алыс болсун.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев

Булак: “Багыт” 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: