“КР ЖК депутаты, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Акылбек Жапаров ЖК депутаттыгына талапкерлердин жашын 21 жаштан 25 жашка чейин көтөрүүнү сунуштады. Албетте, ал муну мага каршы жасаганга аракет кылып жатат” – деп жазды жаш саясатчы Темирлан Султанбеков Facebook социалдык тармагындагы баракчасына.
“Буга чейин 25 жашка чыга элек бир дагы адам депутаттыкка талапкер болгон эмес. Менден өч алуу үчүн Баш мыйзамдагы беренелерди өзгөртүүнүн эмне кереги бар? Мени ушул жол менен мени токтотууга аракет кылбаңыздар. Бирок Акылбек Жапаровго окшогондор коркуп, бизди токтотууга бүт күчүн жумшап жатышканы жакшы көрсөткүч. Корккула” – деп жазган ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ