Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча Кыргызстан парламентарийлеринин Улуттук Комитети, ЮНИСЕФ жана Тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу үчүн жарандык альянсы менен бирдикте «Нан унун байытуу жөнүндө» Мыйзамдын аткарылышы тууралуу 2017-жылдын 16-июнунда саат 14.00дө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Чоң залында парламенттик угуу өткөрөт. Анын максаты: Кыргызстандын калкынын байытылган унга туруктуу жана кеӊири жеткиликтүүлүгүн кымсыз кылууну чечүүнүн биргелешкен жолдорун иштеп чыгуу. Бул туурасында ЖК Басма сөз кызматы маалымдайт.
Бул маселени талкуулоонун натыйжалары боюнча аз кандуулуктун деңгээлин жана өнүгүүнүн тубаса ооруларын төмөндөтүүгө багытталган сунуштар иштелип чыгат.
Байытылган ун организмде темир, цинк жана фолие кислотасынын жетишсиздигинин алдын алуунун бирден бир кымбат эмес жана натыйжалуу методдору болуп саналат. Ундун байытылышы калк арасында аз кандуулуктун темир дефицитинин деңгээлин жана нерв түтүкчөсүнүн тубаса оорусунан жабыркаган балдардын санын 70% төмөндөтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ