Menu

Фото – Маршруттук баракчанын формасы кайсы убакытта керек болот?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-марттан тарта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна Өзгөчө абал тартиби жана коменданттык саат киргизилген.

Саат 20:00дөн 7:00гө чейин жарандар көчөгө чыга алышпайт. Коменданттык саат киргизилгенден кийин жөнөкөй жарандар 3 гана себеп менен, дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек , дарыгерге, дарылоо процедураларына баруу үчүн гана чыга алышат.

Кечээ, 24-мартта биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдер өкмөттүн брифингинде коменданттык саат тууралуу маалымат беришкен.

Анда Кубатбек Боронов жарандар үйүнөн чыгар алдында атайын маршруттук баракчасын толтуруу керектигин жана жанында анын өздүгүн тактай турган документ болушу керектигин белгилеген.

Бүгүн республикалык штаб маршруттук баракчанын сүрөтүн таратышты.

Маршруттук баракчанын формасы жана өзгөчө абалда кайсы убакытта керек?

Саат 07.00дөн 20.00гө чейин азык-түлүк дүкөнүнө, дарыканага, медициналык мекемелерге баруудан тышкары, калган жарандардын жүрүүсү чектелет жана өздүгүн тастыктаган күбөлүк жана колго толтурулган маршруттук баракчасы болушу керек. Анда төмөнкү маалыматтар колго тортурулган болууга тийиш:

– Аты-жөнү;

– Телефон номери;

–  Үйдөн чыккан себеби;

– Чыккан убактысы;

– Кайткан убактысы;

– Жашаган жери;

– Бара турган жери.

Банкка өтө зарыл болгон учурларда гана кайрылууга болот, алгач алардын өзгөчө абал учурундагы иштөө графигин тактап алганыңыз оң.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: