Menu

Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссия өз ишин жыйынтыктады. Ал боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков эмнелерди айтты?

Бөлүшүү:

7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяны изилдөө боюнча мамлекеттик комиссия өз ишин соңуна бүгүн, 4-ноябрда чыгарды. Учурда комиссия мүчөлөрү киргизген ар кандай сунуштар изилденип жатат. Бул тууралуу  аталган комиссиянын жетекчиси, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков  журналисттерге билдирди.

Эске сала кетсек, мамлекеттик комиссия 29-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен түзүлгөн. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеген комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер кирген. Алар УКМК, ИИМ, Аскер прокуратурасынын жетекчилерин жана Кой-Ташта катышкан көрүнүктүү адамдарды сурап бүтүштү. Алардын жыйынына Атамбаевдин жакын адамдары, үй камагындагы депутаттар Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина бир нече жолу чакырылып, алар жооп берүүдөн баш тартып, качып коюшкан.

Комиссиянын жыйынтыгын бир гана комиссиянын мүчөсү Клара Сооронкулова колдобой койгону эртең менен маалым болгон. Эми комиссия чыгарган бүтүмүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыгат. Депутаттар эмне дейт болду экен? Атамбаевдинт тарапташ депутаттары, өзгөчө Ирина Карамушкина чыр чыгарышы ыктымал…

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: