Menu

Марат Тагаев, журналист: “Дараметиң канча жаңы муун?”

Бөлүшүү:

Саясатчылар бир муун, жуп болуп келерин көрүп жүрөбүз. 1990-2005-жылдар Акаевдин мезгилинде негизинен 1955-жылга чейинки Шеримкулов, Эркебаев, Бөрүбаев, Жумагулов сыяктуу саясатчылардын бийликтеги доору болсо 2005-2015-жылдары 1955-1965-жылкы Атамбаев, Текебаев, Бекназаров, Мадумаров, Сариев ж.б саясатчылардын доору болду.

Бирок, 2010-жылдары Президент Бакиевдин жардамы менен Максим Бакиев баштаган 30 жаштагы 1975-жылдан кийин төрөлгөн балдар-кыздар бийликти алууга аракет көргөнүн айта кетүү керек.

1965-1975-жылкы Бабанов, Ташиев, Абдыкеримов, Төрөбаев, Сулайманов өңдүү ишкер-саясатчылардын доору болчу 2015-2020-жылдар парламентке төртөөнүн тең партиясы келгенине карабай алардын доору боло албады.

2017-жылы Атамбаевдин көмөгү менен кайрадан “1977-жылкы” деп аталган Сапар Исаков, Темир Жумакадыров, Илим Карыпбеков, Мирлан Байгөнчөков, улуурак болсо да ушу топко кошулган Зилалиевдердин мууну бийликти алганга аракет жасады. Бирок, ишке ашпады.

2020-жылдан баштап 1980-жылдан кийин туулган 30-40тын ортосундагы Жанар Акаев, Алтынбек Жунус уулу, Марлен Маматалиев, Жеңиш Молдокматов, Акылбек Жамангулов, Элдар Абакиров, Аида Касымалиева, ушул топко кирген Элвира Сурабалдиева, Жаныбек Абиров өңдүү жаш саясатчылар да ар кайсы партия аркылуу күч болууга аракет жасашууда.

Бирок, бул муунда 55-65-жылкылардай революциялык дух, тажрыйба, 65-75-жылкылардай финансы ресурсу, 77-жылкылардай колдогон Бакиев-Атамбаеви да жок.
Кандай болоор экен?

Көңүл калуу күч карапайым калк жаңы жүздөрдү колдоп береби же “а дегенде тай озот, таманы кызый келгенде сары таман ат озот” болобу?

Марат Тагаев, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: