Тарых илимдеринин кандидаты, Кыргызстан эл аралык университетинин доценти , саясат таанучу Табылды Акеровдун кыргыз тарыхы тууралу илимий эмгектери илим дүйнөсүндө кызуу талкуу жаратып, дүйнөгө тарай баштады. Жакында эле «Каркырахан. Улуу Кыргыз каганаты» атуу китеби Германияда жарык көрдү.
Ошондой эле Германия тарап Табылды Акеровдун «Кыргыздар: этногенез жана тарых» аттуу китебин, анын илимий макалаларынын жыйнагын чыгарууну көздөп жатат.
Ал эми акыркы учурларда Орусиянын илимий журналдарында Табылды Акеровдун 10 дон ашык илимий макалалары жарык көрдү. Ал орусиялык окумуштуулар менен тыгыз иш алып барып, алардын бир даарынын илимий эмгектерине рецензент болууга жетишкен.
Табылды Акеров акыркы мезгилде Алтын ордонун Кыргыз мамлекети болгондугун илимий негизде далилдеп келүүдө жана “Алтын ордо Кыргыз мамлекети болгон” аттуу илимий эмгек жаратты.
Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов кыргызды көркөм адабий чыгармалары менен дүйнөгө таанытса эми уучубуз куру эмес экен тарыхчы Табылды Акеров илимий тарых китептери менен дүйнөгө таанытчудай болуп калды.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ