Menu

Токтогул сейил багы бир кылымдан кийин кайра жаңыланды

Бөлүшүү:

Биргезде эл агымы таптакыр үзүлбөгөн Ош шаарынын Токтогул Сатылганов атындагы сейил багы бир айдан бери жабык. Андыктан, аймакта көңүл ачкан бир дагы жан көрүнбөйт. Бирок, таң аткандан каш карайганга дейре бул жерде Ош шаарынын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатынын жумушчулары эч баш көтөрбөстөн иштеп жатышат.

Байыр Узбеков, Ош шаарынын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатынын жумушчусу, 75 жашта:

– Бу жерде иштегендердин эң эле улуусу менмин. Пенсиядамын. Эркек киши үйдө жамбаштап жата албайт экенсин 9500 сом пенсиямды күтүп олтурбастан, дагы 8000 сом айлыкка моминтип иштеп жатабыз, эй! Көрдүңүздөр го, баарыбыз тең ар куракта болсок дагы абдан ынтымактуубуз. Арабызда тийип-качып иштегендер дээрлик жокко эсе. Анын үстүнө жетекчилик тарабынан дагы бизге көзөмөл абдан күч!

Самидин Ормошев, Ош шаарынын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатынын жумушчусу:

– Мобул сейил бакты жана Ош шаарынын көчөлөрүн шыпыргандар дагы жумушка бизден эрте туруп келишет. Бардык жерди таптаза кармагандар накта ушулар! А мобул чакан аянтка жапжаңы көчөттөрдү кыдырата олтургузууга даярдап жатабыз. А кайыңдар жана Тянь-Шань карагайлары катарынан тигилсе, Токтогул атындагы сейил багы мындан дагы көрккө бөлөнөт деген терең ишеничтемин!

Жаны таптакыр тынбаган Ош шаарынын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатынын башкы агроному Жаанбай Турсункуловду дагы дал ушул Токтогул атындагы сейил бактан араң кармадык.

– Токтогул атындагы сейил бакты толук бойдон ремонттоп, кайрадан ишке түшүргөндөн кийин гана 170 миң сомго кыдырыта видеокөзөмөл орнотобуз! – деди кепке аралашкан Ош шаарынын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатынын башкы агроному Жаанбай Турсункулов, – Ошентип, бул эс алуу жайын мындан ары туруктуу көзөмөлдөмөкчүбүз. Буга улай 5 миң долларлык немец грантынын эсебинен аймакка чоң фонтан орнотобуз. Иши кылып эски жайларды бүт бир сыйрадан жаңылайбыз.

Ошондо бул жерде жаштар өзүнчө а кары-картаңдар өзүнчө сейилдегенге дагы заманбап шарттар жаратылат. Мындан тышкары 160 миллион сомго Ош шаарынын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатына таандык 5,8 гектар аянтка бүт кыдырата гүл эктирип, анан сонун газондорду дагы орнотобуз.

Ошентип, жүз жылдык тарыхы бар Кыргыздын улуу демократ акыны Токтогул Сатылганов атындагы Ош шаарындагы ири сейил бак бир кылымдан соң гана кайрадан толук жаңыланып жаткан чагы. Аны бойлото эми ак кайыңдар жана Тянь-Шань карагайлары дагы олтургузулат. Демек, бул аймак бара-бара шаардыктар гана эмес чет өлкөлүк коноктор дагы жайма-жай эс алып, кеңен-чонон көңүл аччу сонун жайга айланаарында шегибиз жок!

Алишер Т0ксонбаев

Булак: “Майдан”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: