Menu

Келдибек Ниязов, куудул: Тойго, тойго келгиле

Бөлүшүү:

Эл арасында маданият министри Султан Жумагулов кыргыздын тойлоруна каршы чыгып, тойлорду токтоткону жатыптыр деген сөздөрдү мен дагы угуп, аксакалдык калыс сөзүмдү айтайын дедим.

Айланайын кыргыз элим, той болгон, боло берет, дагы дагы болот. Ал министр мырза тойлорду заманга жараша тартипке келтирели, той деп туруп кыргызым карызга батпайлы, обу жок ысырап болбойлу, кийинки кездерде тойлорубуз өтө эле дадырактап кетти. Жаңыча, баарыбызга бирдей болгудай, тойго барган киши тойго баргандай болуп эс алып тарагандай кылалы деген эле аракети экен, мен дагы уктум. Эми мен той жөнүндө бир-эки көргөнүмдү, укканымды ортого салайын. Лейлекке, барганда кечки тамакка тажик жигиттер дагы аралашып калышты. Учурашкандан кийин эле мен алардын тартипке түшкөн тойлору жөнүндө сурасам, “Агай, бизде дагы тойлор чектен чыгып бараткан. Силердин тойлордо этке, чүпүрөк-чапыракка басым жасаса, бизде акча кыстармайга басым жасалып чектен чыгып бараткан, ушунун баары тартипке түштү. Тойлорубуз 3-4 саатка созулат. Эки ысык тамак берилет. 120 кишиден ашпайт, акча кыстарбай эле ырдап-чордоп, аябай моокум кангыча бийлеп тарап кетип калдык. Мурун көчөнүн эки башын бууп салып 3-4 күн тойлочу эле, анын баары токтоду. Бир чоң кызматта иштеген законуңду урбаймын деп той берди эле, кызматынан шыпырылып, өтө чоң суммадагы акча төлөп араң кутулду. Кийинкилерге аябай сабак болду. Азыр бай дагы, кедей дагы бирдей той берип калдык» – дешти.

Ал эми туугандар, биздечи? Өгүнү бир тамада болгон жигит айтат: “Келдибек агай, бир өтө бай жигит келин алып, той берди. Кудагыйына, кудагыйынын эже-сиңдилерине жалаң алтындан шакек-сөйкө, алтын чынжыр, билерик тапшырып, жаңы келиндин эже-сиңдилерине ошондойлорду күмүштөн жасалгандарын таратты” – дейт.

Бул эми көпкөнчүлүкпү же кутургандыкпы, же көк мээликпи. Бер, тарат, ошончо элдин алдында эмес, үйүндө кудаларыңды эшик төрүңдү көрсөткөнү чакырганда тарат. «Казды туурап карганын буту сыныптыр» деген макал ушул жерге туура келип жатпайбы. Аны көргөн бирөөнүн кудагыйы мас болуп, үйүнө барганда күйөөсүнүн мээсин жейт эмеспи: «Өлүгүңдү көрөйүн, кызыбыз итке минген жерге барыптыр, жанагы итирейген кудаң элдин көзүнчө мойнума алтын чынжыр такса эмне болот эле?!» – деп. Мына таарыныч кайдан башталат?

Маданият министрликте иштегендер айтышты: “Министр Султан Жумагулов биринчи күнү ишке чыкканда эле кошоматчылар шоңшойгон калпак менен Кытайдын техникалык кийизинен тигилген чапандарын сүйрөп кирип келишкенде калпактарын ырымдап алып, салбыраган чапандарын өздөрүнө кийгизип узатпадыбы» – дешти эле. Абдан туура кылган. Салт боюнча чапанды 70-80 жаштагыларга жапкан да, ал чапандар дагы аппак кийизден жасалган кементайлар да.

Эми окурманым, экинчи мисалга өтөйүн. Мурун чала-бучук жаздым эле, Алматыга тойго бардык. Алматы шаарындагы жаңылык: тойканаларды шаардын четине чыгарып, борборун тазалап жатышыптыр. Бул дагы эске ала турган маселе экен.

Кыргыз, казак, карышкыр эт жеген жагынан бир тууган эмеспи деп тамашалап калабыз го. Эми казак туустар этке эконом кыла баштаптыр. Алар этти той башталганда эле тартып ташташат. Ошол биз катышкан тойдо 250-300 кишидей, алты кишите бир табак тартылды. Асты камыр, үстүндө жука кесилген чучук, жая, казы-карта, анан бир гана устукан. Устукан ошол алты кишинин улуусуна тартылды. Үч такылдаган тамада жигиттер башкарды, бири музыкасын, бири оюн ойнотуп, үчүнчүсү жалаң сөз берип. Эми ал жигиттин сөзүнө ишенсек, бүт түрк эли казактардан тарагандай кылып таштады го. Көрсө казактар жар салбай эле тойлору тартипке түшө баштаптыр. Эми берген белектери жакшы сүйлөгөндөргө, ырдагандарга, бийлегендерге. Кийизден шөкөттөлүп жасалган боз үйлөр, аргымактар, тоолор, китептер, ооз комуздар, иши кылып жалт-жулт эткен Кытайдын жоолук-кездемелери көрүнгөн жок. Көрүп отуруп ичиң ачышат. Ушундайлар бизден башталса эмне болот эле деп.

Аскар небересинин тушоосун кесип чакырганда Эл Баатыры, академик Мамбет аба айтты эле: “Той 3-4 саат эле болсо, ошол убакта тойго келгендер сөздү дагы, музыканы дагы, тамакты дагы толук кабыл алып бүтөт. Андан кийин кайра ден соолукка зыян” – деп. Ошондо мен ойлодум эле, ии чын эле, кыргыздар деле 3-4 саат отурган тура деп. Конок келгенде үйгө кийирбей туруп малга бата сурашат. Анан чайга киришип, эт бышкыча эс алып, комузчуга комуз черттирип, ырчыларды ырдатышып, эшикке эс алып чыгышып, боз балдарды күрөштүрүшүп. Анан этке киришип. Бүткөндөн кийин улуусу ак батасын берип тарап кетишкен да туурабы? Аш көп болсо каада көп болуп, анан эгемен келди деп тойду созбодукпу, кой-ай деген киши жок. Кечки 6да баштап, түнкү 1де тарап. Бир ресторандын ээси айтып жатпайбы, “Кийинки кездерде идиш-аяк, чыны, кашык-вилка, бычактарды сатып келгенге жетише албай жатабыз” – деп. Эмнеге, элдин көптүгүнөнбү десем, “Ой жок, байке, уурдап жатышпайбы” – дейт. Көрдүңөрбү, акылыбызга келип тойлорду бир тартипке салбасак, жакында иним ошол той өткөргөн ресторанын да уурдап кетишет. Тойго, тойго келгиле.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, куудул Келдибек Ниязов

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: