Menu

Швециянын Кыргызстандагы элчиси Кристиан Камилл КР Улуттук китепканасында болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-сентябрда  Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук  китепканасында Швециянын Кыргызстандагы элчиси Кристиан Камилл  болду.

Улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашова урматтуу меймандарды жаңы ачылган Чынгыз Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданият борбору менен тааныштырды.

Улуттук китепканадагы бул Борбордо залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун бүткүл чыгармачылыгына жана өмүр жолуна байланыштуу кеңири жана толук маалыматтар топтолгон. Кыргыз жана орус тилдеринде, чет өлкөлөрдө көп тилдерде чыккан китептери, газет-журналдардагы макала, маек, публицистикалык  материалдары, сүйлөгөн сөздөрү, документтер жана фото-сүрөттөр коюлган. Ошондой эле мында жазуучунун өзүнүн иштеген столу, отургучу, машинкасы, калеми, башка  буюмдары  жана  өздүк архивинен чыгармалары, кол жазмалары жайгаштырылган. Залкар жазуучунун  чыгармалары дүйнө элдеринин 180 тилинде которулган жана 128 өлкөдө басылып чыккан.

Аянты 980 чарчы метрди түзгөн Борбордо мындан башка да конференц-зал, VIP-зал, ”Балдар дүйнөсү” бурчу, китеп окурмандары үчүн компьютердик класс жайгашкан.

Улуттук китепканада болгон Швециянын элчиси  К.Камилл Чынгыз Айтматов атындагы  маданият борбору жөнүндө жылуу пикирлерин билдирди. Ал Чыңгыз Айтматовду  Эскерүү китебине каалоо-тилегин жазып калтырды.  Ошондой эле швед элчиси Улуттук китепканада көрүнүктүү жазуучу  Чыңгыз Айтматовдун туулгандыгынын 90 жылдыгына карата атайын иш-чара өткөрүшө тургандыгын айтты.

Элчи урмат көрсөтүү иретинде көрүнүктүү швед акыны Гуннар Экелёфдун 2018-жылы чыккан “Тандалмалар” ыр китебин Улуттук  китепканага белекке берди. Бул китептин чыгарылышына белгилүү котормочу Ларс Эрик Блумквист жана элчинин жубайы катышкан. Жалпы швед китеп окурмандары сыяктуу эле Ларс Эрик Блумквист Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын жогору баалайт жана залкар жазуучунун 9 чыгармасын швед тилине которгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: