Menu

Айбар Султангазиев, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы байкоочу кеңештин төрагасы: Кеч мөөнөттө аборт жасалган, чарчап калган ымыркайлар медициналык таштанды катары катталат

Бөлүшүү:

Төрөтканаларда жансыз ымыркайды тирүү балага алмаштырган факты коомчулук үчүн оор окуялардын бири болду. Иликтөөгө зыяны тийбеш үчүн шектүүлөр ачыкка чыгарылган жок. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы байкоочу кеңештин төрагасы Айбар Султангазиевге бул тууралуу суроолорубузду узаттык.

– Ымыркай сатып киреше тапкысы келген медицина кызматкерлери тууралуу чуу чыкты. Муну угуп төбө чачыбыз тик турууда. Медицина жаатындагы эксперт катары бул маалыматка кандай комментарий бересиз?

– Албетте, бул жүрөк титиреткен коркунучтуу көрүнүш. Ымыркайы жарык дүйнөгө келип, анан «чарчап калды» деген ойдо жүргөн байкуш энелердин акыбалын элестетип көрүңүз. Эми алар «ымыркайым балким тирүүдүр, аны дарыгерлер сатып жибергендир» деген күдүк ойдо калышты. Көчөдөн өзүнүн жоготкон баласынын курагындагы балдарды көргөндө «балким менин баламдыр» деген арсар ой менен карашат. Мындай кылмышка баргандарды жазалаш керек. Адам сатууга колдонулган мыйзам менен жазалаш керек. Бул жерде бир адам эмес атайын бир топтун кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүн.

– Чарчап калган балдардын сөөктөрүнүн, аборт жасалган түйүлдүктөрдүн эсеби барбы? Министрлик тарабынан кандай көңүл бурулат?

– Медицинада баардык нерсенин өз жол-жобосу бар. Кеч мөөнөттө аборт жасалган, жаңы төрөлүп чарчап калган ымыркайлар бала катары эмес, медициналык таштанды катары катталат. Менин пикиримде автоунаада табылган ымыркайлардын сөөктөрү бала катары эмес, медициналык таштанды катары катталгандар болушу мүмкүн. Төрөт үйүнөн өлүү төрөлгөн же чарчап калган ымыркайларды жакындары алып кетип, кадимкидей жайга коюшат эмеспи. Оор кайгы менен төрөт үйүнө чарчап калган ымыркайларын таштап кеткендер да кездешет экен. Мындай жансыз ымыркайлардын денесин сактап жүрүп, тирүү төрөлгөн ымыркайларга алмаштырыштыбы? Мунун баарын укук крогоо органдары тыкыр изилдөө зарыл. Негизинен эле төрөт үйлөрүнө, төрөт залдарына видеокөзөмөл коюлса, көп нерсе ачык-айкын билинип калмак.

– Иликтөө иштери кандай жүргүзүлүш керек? Толук акырына чыга алышабы?

– Мындай абал мурда да кездешкен. Кеч аборт жасалган, чарчап калган ымыркайлардын эсеби боюнча атайын комиссия түзүлүп, тыкыр изилдеп чыгуулары керек. Өткөн жылы мындай окуя Балыкчы шаарында да катталган. Эгиз төрөлгөн ымыркайлардын энеси маасалык маалымат каражаттарына эгиздин түгөйүнүн өлүмү тууралуу айтып чыккан. Бирок, акыры кандай чечилди белгисиз бойдон калды. Ошондуктан, көз жаздымда калтырбай тыкыр иликтенип, коомчулукка жарыяланып турушу зарыл.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: