Menu

Видео – Милиция Ташкенттин четиндеги дүкөндөргө кечки 10дон кийин соода кылууга тыюу салууда

Бөлүшүү:

Милиция кызматкерлери Ташкент облусунун Бостанлык районундагы дүкөндөргө кечки саат ондон кийин иштөөгө тыюу салууда. Бул тууралуу жергиликтүү ишкерлер билдиришти.

Алар 22:00дөн кийин бардык дүкөндөр жабылышы керектиги жөнүндөгү район башчысынын буйругу 2017-жылы эле жоюлганын айтышууда.

Аталган райондогу дүкөндөрдүн биринин ээси Гузаль Кирбаева 26-июлда кечки 11де милиция кызматкерлери келген маалды видеого тартып алган. Анда тартип сакчылар сооданы токтотууну талап кылып, кардарларды дүкөнгө киргизбей жатканын көрүүгө болот.

Кирбаева милиционерлер ага орой мамиле кылып, дүкөнүн жабууга мажбурлаганын билдирди.

– Бул биринчи жолу эмес. Биз соода кылыш үчүн банктан насыя алганбыз. Менин төрт балам бар. Иштөө шартыбыз начар болгонуна карабастан, милиция кызматкерлери тынчтык беришпейт. Биз спирт ичимдиктерин сатпайбыз. Көбүнчө азык-түлүк жана кийинекей балдардын оюнчуктары, кийимдери менен соода кылабыз. Бирок милиция кызматкерлери кирип келип, дүкөнүмдү жабышым керектигин айтышты. Ошол эле маалда алардын эч кимиси эч кандай документтерди көрсөтүшкөн жок. Кардарларды түртүп чыгарышып, дүкөн кылмыштуулуктун алдын-алуу үчүн жабылып жатканын билдиришти. Дукөндү жабуу менен кантип кылмыштуулуктун алдын алууга болсун?», — деп нааразылыгын билдирди ал.

Бостанлык райондук ички иштер башкармалыгынан дүкөндөрдө рейд жүргүзүлгөнүн ырастап, бул аракеттер район башчысынын буйругунун негизинде ишке ашырылып жатканын билдиришти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: