Кечээ, 30-июлда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева жана Жогорку соттун судьяларынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 28-июлундагы № 154 жана № 155 Жарлыктары менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары дайындалып жана Президенттин Жарлыгы менен судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Бишкек шаардык сотуна Азизбек Досмамбетов жана Гульмира Садыкова ант беришти. Ал эми Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна Максат Орозбакова, ошондой эле Свердлов райондук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттун судьялары Чынара Асаналиева менен Айзада Исаева салтанаттуу ант беришти.
Белгилүү болгондой, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын дайындалган судьялары ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышы ант берген күндөн тартып башталат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева Бишкек шаардык соту, ошондой эле Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондук сотторуна дайындалып, судьялык кызматка кайрадан киришип жатышкан судьяларды куттуктап ийгиликтерди каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ