Menu

Дүйнөнүн 68-сулуусу

Бөлүшүү:

Өткөн ишемби күнү жер планетасындагы эң чырайлуу делген кыз аныкталды. Ал- 26 жаштагы Мексика мамлекетинин атынан барган Ванесса Понс де Леон. Адегенде 117 кыз сынакка чыгып, андан 30у калып, 30дан дагы 18и ыргып, калган, тандалган 12и сулуунунун ичинен Ваннесса алдыга чыгып жеңишке жетишти. Ошентип, Мексиканын тарыхындагы мындай чоң титулду уткан алгачкы жеңүүчү болуп тарыхка кирди. Аталган сынак Кытай Эл Республикасынын Хайань аралында өткөрүлдү.

Miss Word сынагынын тарыхынан
Ушу тапта, сулуулар сынагын өткөрүүдө дүйнөлүк масштабдагы эң ири делген 4 конкрус эсептелет. Алар: «Аалам сулуусу», «Жер жүзүнүн сулуусу» «Мисс интернешнл» жана алардын ичинен эң салмактуусу «Дүйнө сулуусу» конкрусу.
«Дүйнө сулуусу» эл аралык конкрусу алгач 1951-жылы 15-апрелде Англияда Эрик Морли деген адам тарабынан негизделген. Ошондой эле бул инсан өмүрүнүн акырына чейин (2000-жыл.) аталган конкрустун башкы калысы болуп келген. Азыркы тапта анын ишин жубайы Джулия Морли айым улантып келет.

Дүйнө сулуусу» болдуң, андан ары эмне болот?
«Дүйнө сулуусу» аталган чүрөккө 280 миң АКШ доллары берилет. Бирок эреже боюнча ал акчалардын баарын тең жеңүүчү бир жыл аралыгында ар кайсы мамлекеттерге барып кайрымдуулук акцияларына коротушу керек. Ошондой эле жеңип чыккан сулууга Лондон шаарында 1 жыл бою бекер жашаганга атайы үй берилет. Андан тышкары жеке өзү гана ээлик болуп калуучу брилант таштар менен чегерилген баасы 16 миң евро турган таажы тартууланат. Бул эми айтылган жактары. Андан тышкары жеңүүчү жарнамалык иш-
чараларга тынымсыз чакырылаары жана ал бекер эмес экени айтпаса да түшүнүктүүдүр. А бир чети оңой бекен, жер планетасынын эң сулуусу болуш, ушунун өзү эле канча даңк, канчалаган барк!

Таажыны тагынгандар

Аталган конкрус өткөрүлүп келаткандан бери анын таажысына баарынан көп ээ болгондор Европанын кыздары. Брилиантталган «Дүйнө сулуусу» таажысына алар 27 ириет ээ болушкан. Азиялыктар 14 жолу, америкалыктар 15 ириет, Африканынын кыздары 5, Латын Америкасы 7 жолу жеңишке жетишкен делет. Мамлекеттер арасындагы артыкчылык Венесуелланын кыздарына таандык. Алар сынактын башкы титулун 6 жолу утуп алышкан. Андан кийин Индиянын кыздары менен аталган сынактын мекени болгон
Улуу Британия 5 жолу жеңишке ээ болушкан. Биздин КМШ мамлекеттеринин ичинен Россиянын чүрөктөрү 2 ириет башкы таажыны тагынышкан (1992-жылы Юлия Курочкина менен 2008-жылы Ксения Сухинова).

«Махабат державасы» аталган Индиянын кыздары

Деги эле сулуулар сынагында Индиянын кыздары олжолуу келишкени байкалат. Алсак алар «Дүйнө сулуусу» сынагын 5 жолу, «Аалам сулуусу» сынагын 2 жолу, «Азия сулуусу» сынагын 4 жолу багындырган экен.

Автор: Алтынай Бакирова

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: