«13-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар маанилүү маселе каралып жатса, ушакташып отурушту. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов «Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы аба кыймылын тейлөө үчүн жоопкерчиликти өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» баяндама жасап жаткан учурда аны бир дагы депутат кулак салып койгон жок. Алтургай маселе эмне жөнүндө болуп жатканына депутаттар кызыгып деле коюшкан жок өңдөнөт. Эл өкүлдөрүнүн дээрлик теңинен көбү ушак айтуу менен алек болуп отурушту» деп «Каганат» сайты көргөнүн жазып чыкты.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ