Гезитибиздин өткөн санында (ред. Ачык саясат) Каныбек Туманбаев деген жигит тууралуу жазганбыз. Анын себеби, Туманбаев тууралуу кайрылуу каттар келген эле. Илмияновдун өкүл баласы, эки катын алган жана башка деген сыяктуу. Маалымат менен таанышкан Каныбек мырза, редакцияга байланышып, өзүн тааныштырды. Көрсө аксылык айрым жердештери жакында парламент тараса шайлоого катышпасын деген таризде бут тосушуп, каралаган маалыматтарды таратып жатышыптыр. Өзү жетимчиликтин азабын тартып чоңойгон Туманбаев, жетим балдар үйүн ачып берип, каржысын өз мойнуна алыптыр. Мына ушундай иштер менен алектенген жигитти көралбаган жердештери бар экен. Илмиянов өкүл атасы дагы эмес экен. Сооронбайдын «серый кардиналы» дагы болбоптур. Жаш жигитке бут тоспой, кайра колдоо көрсөткүлө аксылык туугандар.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ