Menu

Азимбек Бекназаров, экс-генпрокурор: «Атамбаев азыр да кузгун сымал бийлигин мураскоруна бергиси келбей чыр салып олтурат»

Бөлүшүү:

— Азимбек Анаркулович, кыргыз саясатын мурунку президенттин билдирүүлөрү бир кыйла кызытып жатат. Эски дос эстен кетпейт дейт эмеспи. Мурунку досуңуздун билдирүүлөрүн угуп көргөн соң, “Кайран досум, бийлик-байлык деп жүрүп өзүңдөн кеткен экенсиң” деп күйүккөн болсоңуз керек?

— Ооба уктум, балдар көрсөтүштү. Илгери Кылмыш-Жазык Кодексинде өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарды соттордон мурда психологиялык жана жандүйнөсү жактан сообу?- деп Майлы-Сайдан же Чым-Коргондон соттук-психиатриялык экспертизадан сөзсүз өткөрчү эле. Атамбаев сыртынан билдирбегенге аракет кылганы менен 10–15 күн даярданып, анан берген интервьюсунан “жандүйнөсү ооруп” турган “душевно больной” ооруу адамга окшоштурдум. 6 жылдык президент кезиндеги өлкөгө, улутка тийгизген “оор кылмыштары” үчүн кылмыш иш козгосо, аны алдын ала Чым-Коргонго жиберип, оору же оору эместигин аныктап, анан сурак кылуу керек. Соо адам минтип сүйлөбөйт. Кыргызстанга 7 жылда кылдым деген иштеринин көрүнүктүүсү эле “Тарых музейинин ремонтуна, Бишкек ТЭЦинин ремонтуна мынча акча… Айтматовдун эстелигин, Манастын эстелигин мен тургуздум, жолдор салынып жатат” деди. Ушул иштер өлкөнүн башчысы президент аткара турган иштерби? Музей, ТЭЦдин ремонт иштерин анын директорлору жасайт. Айтматовдун эстелигинен кымбат эстеликтерди көрүстөндөрдөн көрөсүң. Мырзакматов Ошко Манастын, Барсбектин жана башкалардын эстеликтерин тургузган. Ошол ремонт үчүн чет элден акча сураса, ал анын милдети. Тажикстандын президенти Рахмановго окшоп чоң-чоң ГЭС куруп айтса жарашат эле. Ремонт иштери үчүн алып келген акчалар табылбай, бүгүн ондогон адамдар Атамбаев үчүн түрмөдө олтурушат. “Ошолор мен үчүн олтурат” деп өкүнбөйбү? Маегинде жалгыз Сапар Исаковду гана айтып кетти. “Кумтөрдүн” коррупциялык келишими боюнча, “Кыргызгаздын” бир долларга берилгени, Батукаевдин өлкөдөн чыгып кеткени боюнча ооз ачпайт. Зилалиев дегендин үйүнөн мамлекеттик лицензиялар чыгып жатканы да анын эмгеги.

— Досуңуз сүйлөгөндө Кудай дегенди оозунан түшүрбөй сүйлөйт. Угуп олтурсаң Кудайдан корккон, андан өткөн таза кишидей жок сезилет. Кудай деп оозанган досуңуздун бир жарым сааттык маегинин канча пайызы ушак дагы, канча пайызы чындыкка жакын болду?

— 2010-жылдын май-июнь айында Сариев экөөбүздүн телефондон сүйлөшкөнүбүздү мыйзамсыз жаздыртып, дароо кыйкырып чыккан. “Ячейканы уурдашты” деп. Ошондон бери бийликте жүрдү, эмне үчүн бизди камаган жок?! Ячейканы уурдасак Сариевди эмне үчүн Өкмөт башчы кылды?! “Кыргызстанды экиге бөлүүдөн сактап калуу үчүн кылмыш иштин негизинде тергөөчүлөр тарабынан камакка алынган акчаны убактылуу аргасыз иштеткенибизди ошондо бекинип, качып жүргөн Атамбаев кайдан билсин?” деп ошол мезгилде эле Роза Отунбаева Сокулуктагы бир жыйында жооп берген. Атамбаевдин дабдыр сөзүн жоктон тапкандай болушкан бешинчи чакырылыштын депутаттары да атайын комиссия түзүп жооп алышкан. 2013-жылы Атамбаевдин ушундай келжирек сөзү үчүн өзүм башкы прокурорго же мени, же Атамбаевди жоопко тарткыла деп арыз да жазгам. Жооп жок. Мен эмне үчүн Атамбаевди “душевно больной” адамга окшотуп жатам? Соо адам болгондо  Дача-Су боюнча “Текебаевдин ушагынан” аялы 6 ай ооруганын айтып жаткан адам, ошол замат башкалардын үстүнөн ушак айткандан кичине ийменет эле. Туурабы? “Кудай, Кудай” дейт. Кудайдан корксо бир жарым сааттык интервьюсунун 80 пайызы ушак болду. Ушак болбосо мага окшогон “Кузгундарды” 7 жыл бийликте олтурганда эмнеге жоопко тартпады? Өзү айткан “Коррупционер” Матраимов менен 7 жыл эмнеге иштеди? “Коррупционер” деп ушактап аткан Келдибеков менен өз үйүндө эмнеге коньяк ичип, бири спикер, бири Өкмөт башчы болду. “Коррупционер” деген Түлеев экөө эмнеге ымаалашат? Атамбаевди Кудай дагы жазалайт. Анткени, ал Кудайлап туруп, өзү кайра ушак айтып Кудайды да алдагысы бар.

— Атамбаев өзүнүн “Апрель” телеканалы аркылуу ушак, шылдың сөздөрдү айтып сиздин жана башка адамдардын кадыр-баркына ачык түрдө доо кетирди. Өзүн сыйлаган адам кадырына күйөт эмеспи. Атамбаев шылдыңдаган адамдарда кадыр-барк жокпу? Маектин маанилүүсү – мурунку президент Мадумаров менен Бабановго кол сунгандай болду. Бул оюнду кайсыл багыттан карадыңыз?

— Өмүрүмдө журналисттер менен соттошкон эмесмин. “Апрель”, “7-канал” телеканалдары менен да соттошкум келбейт. Бирок, бийликтен катуу талап кылам. Эгерде бийлик Атамбаевди өзүнүн менчик телеканалдары аркылуу Кыргызстандын жарандарынын укугун бузуп, бирин “коррупционер”, бирин “кузгун”, “мультимиллионер”, дагы бирин “чөөлөр”, “мародёрлор” деп шылдыңдап, мазактап, ушак айтканга жол бере берсе болобу деп мен бийликтен сурайм. Ушактарды Атамбаев атайылап айтып жатат, анын сөзүнүн төркүнү элди тополоңго үндөө, бөлүү-жаруу, түпкүлүгүндө Жээнбековду кызматтан кетирүү. Бийлик эмне үчүн унчукпайт, чара көрбөйт түшүнбөйм. Жок дегенде бизге КТРден чыгып Атамбаевге жооп бергенге жардам бергиле десек да болбой жатат. 2016-жылы 24-мартта Ошто курултай өткөрөбүз деп жарыялагыныбызда Атамбаев президент башы менен КТР, ЭлТР аркылуу бизди “Булар кузгундар, аларды Ошко киргизбегиле, ташбараңга алгыла” деп үндөгөн. 2 миңдей күч органдарын Оштун борбордук аянтына бизге каршы чогулткан. Ошондо айтылчу курч маселелер быйыл 24-ноябрдагы курултайда айтылганы үчүн чычалап жатат. Кудай бир эле Атамбаевге тартпайт экен, калыс экен, бизге да боору ачыды окшойт, 2 жыл мурда Атамбаев өткөртпөй койгон курултайды Жээнбековдун доорунда өткөрдүк. Курултайга Атамбаевдин командасы, ал мактап урматтаган Бабанов, Мадумаровдор келе алган жок. Эми алар курултай өткөрүшсүн, биз барабыз. Курултайды, анын чечимин сыйлайбыз. Алар курултайды уюштургандарды, демилгечилерди сындабай, курултайдын чечимдерин сындаса, пикирин айтса туура болмок. Атамбаев баш болуп алар чечим боюнча сөз кылыша албайт. Себеби, курултайдын чечиминде ошол Мадумаров, Бабановдор бийликте жүрүшкөндөгү проблемалар айтылып, ошону Атамбаев 7 жыл бою улантканы айтылды. Атамбаевдин билдирүүсүнөн бир күн мурда Бабановдун «Санжырасы» аркылуу бакылдаган Мадумаров, Бокоевдердин сүйлөгөндөрү бир. Атамбаев эс-учун жоготуп калганда Мадумаров, Бабановдор Бакиев тарапта, Атамбаевдин жанында мен, Сооронбай Жээнбеков, Иса Өмүркулов калбадык беле. Өзүчү, өзү… Мени саткан жокпу? Бир эмес эки жолу бийликке алып келгенге жардам бербедим беле! Азыркыдай жалгыз калганында берген интервьюларын эсинен чыгарса керек. Президент кылган Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн ким сатып кетти? Ошондо “Унчукпай коюуга укугум жок” деп нечен жолу эскерткен мен элем го жалгыз каласың деп. Эми ишеним артып, үмүт кылгандары жер саткан, кен саткандар. Алар Акаев, Бакиевди, Атамбаевдин өзүн деле нечен саткандар. “Бабановду эмнеге камабайсың, Максимдин күчүгүн?..” деген Атамбаев эмес беле? Бир саткан, сатылган адам кеминде 10 жолу сатылат.

— Сиз юрист адамсыз. Атамбаевдин мен президент кезде жасагам деп айткан сөздөрүнүн баары мыйзамды бузганын, бийликти узурпация кылып, анын сөзү мыйзамдан жогору турганын ачыктады. Анын ушул билдирүүсүнөн кийин жоопкерчиликке тартса неге болбосун?

— Курултайдын чечиминде Атамбаевдин кол тийбестиги алынып, кылмыш жообуна тартылсын деген чечим бар. Бул чечимди аткаруу үчүн 6 ай мөөнөт берилген. Эгерде бийлик аткарбаса 2007-жылы жайында Аксы окуясы үчүн А. Акаевди, К. Бакиевди баш кылып, жана башка адамдарга Аксынын Кара-Жыгачында элдик сот кылгандай, Атамбаевдин үстүнөн да элдик соттун өкүмүн экинчи элдик курултайда Бишкекте чыгарабыз. Жок эле дегенде 15–20 эпизод менен айыбы угузулат. Ошондо эл чыныгы Атамбаевдин жүзүн билет, улутка, өлкөгө тийгизген зыянын угат. Азыркы бийлик эмнегедир көп сөз, бок сөз кылып конкреттүү иш алып барбай жатат. Буларды түшүнсө да болот, дээрлик көпчүлүгү Атамбаевдин “однокашниктери” болуп калат. Атамбаев көбүн паровоз кылып сүйрөп кетет. Атамбаевдин үстүнөн өкүм чыгарууга кесипкөй соттор, айыбын угузууга прокурорлор, күбө болчулар, жабырлануучулар жүздөп табылат.

— “Кузгун” деп сизди биринчи ирет айтып жаткан жок да эски досуңуз. Ал киши өзүн кабылан сезет экен. Сиз Атамбаевге кандай баа берет элеңиз?

— Ал муну мурда да көп жолу айткан. Мен ага теңелип унчуккан эмесмин. Кыргызда “Кекилик өз атын өзү айтат” деген сөз бар. Атамбаев айткан эгемен доорундагы тарыхый окуялар Аксы окуясы, 2005-жылдагы март революциясы, 2010-жылдагы апрель революциясы, 2010-жылдагы июнь окуясында мен түштүгү-түндүгү дебей эл менен элдин башында жүргөнүм чын. Атамбаевге окшоп үйүмдө бекинип жатпагам. Атамбаев 7 жыл бою эки революцияны жалгыз “Мен жасагам” деп тарыхты бурмалап жазгысы келди. Ошол эле учурда эки революцияда төгүлгөн канга мени күнөөлөйт да, жеңишти өзүнө ыйгаргысы келет. Соо адамда жөнөкөй логика болот да. Бүркүт көздөгөн олжосун ыргыта тээп учуп кете берет. Артынан учуп жүргөн карга-кузгун анын олжосун талап жейт. 2005-жылы март революциясынан кийин мени 5 ай 19 күндө башкы прокурорлуктан кетиришип, Акаевден калган бийлиги менен байлыгын Бакиев ага-ини, балдары менен ээледи. 2010-жылы апрель революциясынан кийин Бакиевден калган тарпынды бийлиги менен байлыгын Атамбаев шоопур, жансакчы, катчылары менен ээледи. Мен Атамбаев менен бир күн да иштеген жокмун. Бакиевден калган бийлик-байлык талашканым жок. Атамбаев азыр да кузгун сымал байлык менен бийлигин мураскоруна бергиси келбей чыр салып олтурат. Ким бүркүт, ким кузгун өзүңөр салыштырып көргүлө.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: