Menu

Урмат Самаев, «Кыргызстан» фракциясынан ЖК депутаты: «Токмокто контрабанда менен иш кылган эмесмин, бирок, тааныштарым бар…»

Бөлүшүү:

Чүйдүн тыңчыкма жаштарынын бири, «Чемпион» каймана аты бар эл өкүлүн интервьюга тартып, азыноолак ой бөлүштүк. Эске сала кетсек, Конституциянын өзгөрүшүнө каршы эң алгачкылардан добуш берген дал ушул маектешибиз болчу.

– Урмат мырза, экс-фракция лидериңиз Канат Исаев өзүнө карата катар-катар кылмыш иши ачылганы саясатта дымы чыкпай кетти да. Анан калса фракциядагы депутаттар менен да жолугушпай, четтеп жүргөнү кандай? Сиз парламентке «Кыргызстан» фракциясы, анын ичинен токмоктук катары Исаевдин арты менен келгениңиз сөз болуп жүрөт. Мындай жааттагы суроолорго кандай жообуңуз бар?

– Канат Кедейканович фракциянын депутаттары менен ар дайым жолугуп турат. Баардыгы менен мамилеси жакшы. Катар-катар кылмыш иши боюнча, эми аны убакыт тастыктайт. Туура, менин депутат болушума Канат Кедейкановичтин салымы, аракети көп болгон. Аны жашырганда не?

– Азыр парламентте сиздердин фракциянын айрым депутаттарына караганда кийинки тизмеде депутаттын мандатты күтүп турган, шайлоодо добушту көп алган талапкерлерге мандат ыйгаруу, алдыга жылдыруу өнөктүгү качан болчудай? Сизге карата да «кетет» деген сөздөр бар го?

– Кудай буюрса, жакын аранын ичинде ушул өңдүү суроолоруңардын баарын фракциянын төрагасына бериңиз. Meники боюнча да алар чечет.

– Бүгүн сиз үчүн партияда лидер ким? Канат Исаевби, Алмаз Баатырбековбу же көмүскөдөгү кожоюн Шаршенбек Абдыкеримовбу?

– Фракциябызда Алмаз Баатырбековду лидер катары шайлаганбыз 17 добуш менен…

– Парламенттен кичи мекениңиз Токмоктун көйгөйлөрү боюнча ооз ачканыңыз байкалбайт го?

– Чүй-Токмок боюнча көйгөйлөрдү көтөрүп эле келгенбиз. Келечекте Кыргызстан боюнча дагы көтөрөбүз.

– Сиз депутаттыкка чейин Токмоктон спортсмен катары артыңызга «чоң муштумдардан» команда түзүп, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы контрабанданы көзөмөлгө алчу белеңиз? Сиздин бул жааттагы «ишиңизди» Токмок ШИИББ башчысы Максат Чойбеков билип калып, тартипке чакырып, «демиңизди суутуп» койду беле, бир тойдон кармап алып…

– Эч кандай контрабанда менен иш кылган эмесмин, бирок, тааныштарым бар… Ал эми Токмоктун милиция башчысы Максат Чойбеков менен жакшы эле мамилем бар болчу. Экөөбүздүн ортобуздагы мамиле азыр деле жакшы. Ал эми спортсмендерден андай деле команда түзгөн эмесмин. Ага-инилерим бар…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: