Menu

Кыргызстан менен Өзбекстан Президенттери өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммалары менен алмашышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммалары менен алмашышты.

«Кылымдардан бери келаткан салттуу достугубуз, кошуналыгыбыз, тууганчылыгыбыз, ошондой эле руханий жана маданий баалуулуктарыбыздын окшоштугу азыркы кездеги кыргыз-өзбек мамилелеринин бекем пайдубалы болуп саналат. Бул жылдар ичинде биздин өлкөлөр бардык негизги багыттар боюнча натыйжалуу кызматташууда.  Эки тараптан тең көрсөтүлгөн бекем саясий эрк кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө Келишимге кол коюуга, айрым көзөмөл-өткөрмө пункттарындагы чыңалууну алып салууга, соода-экономикалык кызматташтыкты кыйла активдештирүүгө көмөктөшүп, 2017-жыл Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүү тарыхындагы ургаалдуу жыл болуп калды.   Натыйжада биздин өлкөлөр бүгүнкү мааракени дос мамлекеттер катары эле эмес, стратегиялык өнөктөш жана жакшы кошуналар катары белгилеп жатат», – деп айтылат Кыргызстан Президентинин куттуктоосунда.

Өз кезегинде Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев куттуктоосунда өткөн мезгилде өз ара аракеттешүүнүн жаңы чектерине жетишүү менен көп кылымдык достугубузду жана жакшы кошуналыгыбызды кыйла бекемдеп, өзбек-кыргыз өз ара пайдалуу кызматташтыгыбызды кеңейтүүгө жетишкенибизди белгиледи.

«Саясий эркибиз жана ачык-айкын практикалык кадамдар менен биз эки тараптуу мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгарып, өз ара ишенимдин бекем пайдубалын түзгөнүбүздү терең канааттануу менен белгилейм. Биздин өз ара мамилелердин тарыхында жаңы баракты ачкан өткөн жылы ийгиликтүү өткөн эң жогорку деңгээлдеги үч визит мунун айкын далили болуп саналат, – деп айтылат Өзбекстан Президентинин куттуктоосунда. – Биз эки тараптуу кызматташтыктын өтө олуттуу маселелери боюнча чынында эле ургаалдуу макулдашууларга жетиштик, өзбек-кыргыз Мамлекеттик чек арасы жөнүндө Келишимге жана башка маанилүү макулдашууларга кол койдук».

Өзбекстан Президентинин куттуктоо телеграммасында товар жүгүртүү динамикалуу темпте өсүп, өндүрүштүк кооперациянын масштабдары кеңейип жатканы белгиленет. Көп жылдардан кийин өнөр жай товарларынын көргөзмөлөрү жана бизнес-форумдар уюштурула баштады.

«Биз транспорт коммуникациясы чөйрөсүндөгү стратегиялык долбоорлорду биргелешип илгерилетип жатабыз. Кеп биринчи кезекте, “Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай” багыты боюнча автомобиль жана темир жол каттамдарды камтыган маанилүү регионалдык долбоорлор тууралуу болуп жатат. Эки мамлекеттин региондору ортосундагы узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын механизмдери ишке киргизилди. Маданий-гуманитардык карым-катнаш жакшырып, Кыргызстанда Өзбекстан маданият жана искусствосу күндөрү, ошондой эле бул чөйрөдөгү башка иш-чаралар ийгиликтүү өттү.  Эң башкысы, мунун баары элдерибиздин кызыкчылыктарына жана мүдөөсүнө шайкеш келет, Борбор Азия регионунда тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту орнотууга бараандуу салым кошот», –  деп айтылат Өзбекстан Президентинин куттуктоосунда.

«Өзбекстан Республикасы Кыргыз Республикасы менен эки тараптуу достук, жакшы кошуналык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө, ошондой эле эки тараптын тең кызыкчылыктарына төп келген түрдүү багыттар боюнча өз ара пайдалуу практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө берилгендигин дагы бир жолу бекемдегим келет», – деп белгиленет куттуктоодо.

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбековго бекем ден-соолук, бакубатчылык жана жооптуу ишинде албан ийгиликтерди, ал эми бир тууган Кыргызстан элине – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: