Коопсуздук кеңешинде Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүү боюнча катуу талаптарды коюп, күч органдарына кыска мөөнөттүк убакыт берди. Жалпы коомчулук мындай көрүнүштү кубаттап, алкоого алып атышканы жашыруун эмес. «Эми жыйынтыгы кандай болот? Соке чечкиндүү кадамдарга барып, аягына чейин катуу тура алабы?» дегендей да сарсанаалар айтылууда. Эки-үч айдын аралыгында жогорку кызматтагы коррупционерлердин бети ачылабы, же “карга карганын көзүн чокубайт” таризиндеги икаяга күбө болобузбу? Андай «бармак басты, көз кысты» болсо, Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшө турган жаңы команданы апкелүүгө туура келет. Саясый эрки жетеби? Баса, Индонезияда эс алып жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев коопсуздук кеңеши өткөндөн кийин шашылыш учуп келгени кабарланды. Сыягы, досуна арка-бел болуу үчүн туруп берет го?
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ