ТЭЦти жаңылоо маселеси 2000-жылдары көтөрүлө баштаган. Инвестор менен сүйлөшүүлөрдүн башы 2009-2010-жылдарга барып такалат. Тагыраак айтканда, ТВЕА компаниясы менен алгачкы сүйлөшүү 2010-жылдын январында Максим Бакиев баштаган делегациянын Кытайга болгон сапарында жүргөн. Делегация курамында Ширшов, Елисеев, Гуреевич, Балкыбековдор менен кошо азыркы премьер-министр, ошол кездеги ЦАРИИнин мүчөсү Сапар Исаков да барган. Кыскасы Сапар Жумакадырович кытайлык ТВЕА компаниясы менен 8 жылдан бери жакшы тааныш. Мына ушул сыяктуу маалыматтар социалдык тармактарда жамгырдай эле жаап жатат. Ал эми ТЭЦтеги авария туурасында иликтөө иштери жүргүзүлүп атканы менен, ремонтко жумшалган 380 млн доллардын кайда кеткенин иликтеп, коррупциянын бетин ачкылары келбей жатышат. Дача-Су айылында кулаган учак менен жүктүн иликтениши да дал ушул нукта жүргөн. Акырына чыкпай, жүктүн ээси табылбай, жабылуу аяк жабылуу бойдон калды. Эми ТЭЦтеги коррупциянын да бети ачылбайт.
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ