Эшигинин алдынан токмоктолуп, муштумдун уусуна ууккан «Деньги и Власть» гезитинин баш редактору Турат Акимовдун ушул күндөрү ден-соолугу калыбына келип, дарылоо процедураларынын аяктаганынан кабар алдык.
Журналист тергөө амалдары аяктагыча эч кандай комментарий бере албастыгын, генерал Мелис Турганбаевдин аталган иш боюнча берген убадасынын өтөөсүнө чыгарын күтүп жатканын маалымдады.
Буга удаа ИИМ жетекчиси да: «Турат Акимовду кечирдим. Бир убакта менин ак экенимди билип, кимдир бирөөлөрдүн тилине кирип, мени негизсиз жаманаттылоосун түшүнүп, өкүнөт» деген пикирин журналист кесиптештери аркылуу Акимовдун өзүнө «дубай-салам» катары айттырганын эшиттик.
Бул кырсыкты ар ким алына жараша чечмелеп, айрымдар буга саясый боек сурткөнгө да жетишишти. А жыйынтыгы кандай болот? Коомчулукка ушул жагы кызыгуу жаратууда.
Ийгилик БОЛСУНБАЕВ
Булак: «АЗИЯnews»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ