Menu

«Антошканын» ээсинин аты-жөнү айтылды

Бөлүшүү:

Өрттөнүп, бир адамдын өмүрүн алган «Антошка» тез тамактануучу жайдын ээсинин аты-жөнү бүгүн, 11-ноябрда, мэриянын пландык кеңешмесинде айтылды.

Алардын айтымында, 1963-жылы туулган Карыпбеков Абдил Эгизбаевич аттуу жаран “Антошканы” ижарага алып, иштетип жүргөн.

Эске сала кетсек,  8-ноябрда чак түштө, Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Чүй-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Антошка” тез татым түйүнү жарылып, бир кызматкер кыз каза болуп, 13 киши ар кандай жараат алган. Анда жабыркаган балдардын абалы менен Бишкектин Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы таанышып, жабырлануучулардын абалын билдирген.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өрттүн кесепетинен жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо боюнча чараларды көрүүнү Саламаттык сактоо министрлигине жана жарылуунун, өрттөнүүнүн себептерин тыкыр иликтеп чыгууну тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырган.

9-ноябрда «Антошканын» арендатору камалганын Бишкек ШИИБси билдирген. Ошондой эле бүгүн каза болгон кыздын ким экендиги аныкталган. Ошол эле күнү ӨКМ өрттүн чыгышынын алгачкы себеби жарыяланып, аталган ашкананын ээсине жазында эле эскертүү берилгени айтылды.

Бүгүн, 11-ноябрда эртең менен ашкананын ээси ұй камагына чыгарылганы маалым болду.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: