Бишкектин Сведлов райондук сотунда Бишкектеги «Кембридж скул» тилдер боюнча мектептин директору Тижжани Али Абубакардын өлүмү боюнча кылмыш ишти карай баштайт. Бул тууралуу 12-ноябрда Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.
“Өндүрүшкө иш 2019-жылдын 7-октябрында эле келип түшкөн, азыр кароо мөөнөтү такталууда”, – деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, мугалим менен көчөдөгү жигиттин ортосунда ЦУМдун алдынан түшүнбөстүктөр болуп кетип, жигит аны бир муштап, мугалим эсин жоготкон. Оор абалда ооруканага жеткирилгени менен чет өлкөдөн келген мугалим 4-июлда каза болуп калган. Шектүү 22 жаштагы К.Э. аттуу жигит колго түшүп, СИЗО-1 жайында камакта.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ