Menu

Өзбекстанда 100 миң сумдук акчаны чыгаруу үзгүлтүккө учуроо коркунучунда

Бөлүшүү:

Өзбекстанда улуттук валютаны – сумду жана башка өлкөлөрдүн акчаларын басып чыгарган эки машинка бузулуп калды.

Айрым маалыматтарга караганда, жабдуулардын бузулушуна акча басып чыгарган фабрика жайгашкан Ташкент шаарынын Юнусабад районунда электр энергиясынын тез-тез өчүүсү жана техниканын эскириши себеп болгон.

Бирок “Мамлекеттик белгилер” бирикмесинин өкүлү бул жөн гана ушак – айың экенин билдирди.

Нооруз майрамына чейин Өзбекстанда 100 миң сумдук акча айланууга чыгарылары маалымдалган. 16-январда өзбек парламенти банкноттун үлгүсүн жана дизайнын жактырган.

24-январда өзбек чиновниктеринин бири билдиргендей, президент 100 миңдик банкнотторду жүгүртүү жөнүндө жарлыкка кол коёрдо запаста 20 миң даана акча кагазы болгон.

“Учурда кампада ” 100 миңдик купюралар бар, бирок алар калкка жетпейт. Банкнотторду президенттик аппараттын аткаминерлерине жана кызматкерлерине беришет. Учурда акча басып чыгарган машинкалардын экөө иштен чыкты, алардын платасы күйүп кетти. Андыктан азыр жаңы акчаларды чыгарууга мүмкүнчүлүк жок. Өкмөт башчы Абдулла Арипов башкы директорду жемеледи, жаңжал болуп жатат”, – деди аткаминер.

Анын айтымында, бузулган машинкалардын ар бири 3 миллион евро турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: