Menu

Биз колдонгон телефондун зыяны

Бөлүшүү:

Жанында жаткан телефондун да зыяна бар

Компьютер, телевизорго салыштырмалуу уюлдук телефондон өзгөчө көп электромагнит чыккандыкган аны менен сүйлөшүп жатканда башты, көздү ысытып нерв системасына чоң зыянын тийгизет. Эгерде сиз уюлдук телефон менен өтө көп убактыңызды чектебей сүйлөшсөңүз иммунитетиңизге чоң коркунуч туулат. 1990-жылдары Американын окумуштууларынын изилдөөсүнө таянсак, мээсине шишик пайда болуп өлгөн аялдардын өлүмүнө дал ушул уюлдук телефон себеп болгон. Ал эми Норвегия менен Даниянын изилдөөлөрү уюлдук байланыш менен тыгыз мамиледе жүргөндөр баш оорусуна, уйкусу канбай, жиндери бат келээрин билдиришкен. Иштебей, жөн эле жаныңызда жаткан телефондун да зыяны бар экен.

Айрым өлкөлөрдө…

Францияда катуу жаан жаап, чагылган түшүп жатканда жашоочуларга уюлдук телефон менен сүйлөшүүгө катуу тыюу салынган. Анткени, электромагнит менен чагылгандын мамилеси тууралуу айтпаса да белгилүү.

Швецияда кээ бир уюлдук телефондон адамдар аллергия болушат. Ушундай илдетке кабылгандарга мамлекеттик бюджеттен 250 миң доллар төлөнүп берилет. Ал акчаны алган Швециянын жараны борбордун четиндеги телефон тартпаган райондордун бирине көчүп кетүүгө акысы бар.

Кичи мамлекет Эстонияда шайлоо эми бюллетен менен эмес, уюлдук телефон менен өтөт. Тагыраак айтканда, эстониялыктар жактырган талапкерлерине үйдө отуруп эле смс жөнөтсө болот. Белгилей кетсек, эң биринчи жолу уюлдук телефон 1983-жылы чыккан. “Motorola Dyla ТНС 8000Х” маркасындагы телефон 25 жыл мурда чыгыптыр.

Кореялык өспүрүм телефондон бир жылда 20000 смс, бир күндө 60 смс жөнөтөт. Ал эми 30% бир күндө эле 100 смс жазып жөнөткөнгө үлгүрөт. Кайсыл учурда окуганга үлгүрөт деген суроо туулбай койбойт. Деги эле колундагы телефонду көпчүлүгү фонарик катары пайдаланышат. Ал эми Англияда телефон аркылуу коркутуп-үркүткөн көрүнүштөр модага айлангандай эле. Япониялыктар ойлоп тапкан мобилдик телефондон китеп окуганга да болот. Тагыраак айтканда, каалаган китебиңизди телефонуңузга жүктөп алып кайсы убакыт болбосун окуй аласыз.

Статистика боюнча

Статистика боюнча дүйнө жүзү боюнча 3,3 млрд телефон бар. Болжолдуу түрдө 100 адамга 158 телефон туура келет. Бир жылда 125 млн телефон таштандыга жөнөйт. Эскирип керектен чыккан үчүн эмес, колдонуп жүргөн телефону канааттандырбай, адам баласы улам жаңы чыккан моделге кызыккандыктан телефондорду таштандыга ыргытат. Бул жагынан өзгөчө Корея эли активдүү келишет экен. Анткени телефондун улам жаңы чыккан моделине ээ болушат.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: