Алмаз Атамбаевдин жан сакчысы, УКМКнын төрагасынын экс-орун басары, генерал Болот Сүйүнбаев 2012-жылы Дене тарбия академиясында жазган сочинениесин 1961-жылы Москвадан чыккан Балдар энциклопедиясынан уурдап жазганы белгилүү болду. Бул тууралу бүгүн, 16-январда 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Болот Сүйүнбаев Кыргыз ССРинин Дене тарбия институтуна 1987-жылы тапшырып, эки жолу окуудан айдалып кетип, бүтпөй калган. Атамбаев бийликке келгенден кийин, 2012-жылы гана Болот Сүйүнбаев 25 жылдан кийин Дене тарбия академиясына кайра кирип, бирок окубай экстерн менен экзамен тапшырып диплом алган. Ошондо жазган сочинениесин Балдар энциклопедиясынан уурдап алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ