Кечээ, 31-октябрда Боом капчыгайында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу күбөлөр билдирет.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы болжол менен саат 17:30 чамасында Бишкек – Торугарт – Нарын унаа жолунда катталган. Бул маалыматты Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктады.
Алардын айтымында, кырсык саат 17:00дө трассанын 132-чакырымында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, “Ауди 100” унаасынын айдоочусу батышты көздөй бара жатып, рулду башкара албай жолдун тосмосуна урунган. Натыйжада 1 жүргүнчү каза болуп, айдоочу ооруканага жеткирилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ