Сузак районунун Барпы айыл округуна караштуу Кыпчак айылындагы “Кыпчак” мечитинде айыл округдардын баш имамдары менен жыйын болуп, анда мечиттердин каттоосу, тазалыгы, кышка карата даярдыгы жана имамдардын отчет жазууда мөөнөттөрүн туура, так жазышы жана активдүү иш алып баруу маселелери каралды. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Ошондой эле жума окулуучу мечиттердин имам хатибдеринин орун басарларын дайындоо, толуктоо, тактоо жагын айыл округдун баш имамдарына тапшырма кылды. Ушул эле күнү Сузак районунун Таш-Булак айыл округунда Сузак райондук хатибиятынын кезектеги жыйыны болуп, мечиттин аймагында, короосунда жайгашкан дүкөн, ашкана сыяктуу киреше кирүүчү булактар ортосунда келишим түзүү жөнүндө буйруктарды өз убагында аткаруу, мечитке тиешелүү мүлктөрдүн эсеп-кысабын жүргүзүп, атайы баракчаларга жазуу жүзүндө каттоо маселелери каралды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ