Бүгүн, 2-ноябрда Бишкек шаардык соту Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын кароону кийинкиге калтырды.
Маалыматка ылайык, Көлбаев сотко жеткирилген эмес.
Эскерте кетсек, Камчы Көлбаев 22-октябрда кылмыштуу уюм түзгөн же ага катышкан деген шек менен кармалган.
Андан кийин Биринчи Май райондук соту аны УКМКнын абагына отургузган. Бул чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ