Menu

Темир Сариев, экс-премьер-министр: “Бабановдун эң чоң кемчилиги – мамлекеттен чыгып кеткени болду”

Бөлүшүү:

– Темир Аргембаевич, узап бара жаткан жыл кандай жыл болду? Саясатта кандай өзгөрүүлөр, мамлекетте эмне жылыштар болду? Ошону менен бирге президентибиз Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишине кандай баа бересиз?

– Жаңы бийлик келип, иштеп жатканына бир жылдан бир аз ашты. Менин оюмча, кыска мөөнөттүн ичинде жылыш, жетишкендиктер бар. Жээнбеков өзүнүн ыйгарым укуктарын толук кабыл алып, ишин баштады. Өзгөчө тышкы саясатта ымаланы жандантып, ал эми ички саясатта туруктуулукту камсыздап жатат. Болгону, экономикада бир аз мүчүлүштүктөр бар экенин ачык айтышыбыз керек. Мен бул боюнча президенттин өзү менен жолукканда дагы айткам. Негизги көңүлдү экономиканы көтөрүүгө, айрыкча инвестициялык климатты оңдоп, тикелей инвестицияларды тартып келип, жумушчу орундарды түзүп, элибиздин жашоо-турмушуна орчундуу өзгөрүү киргизишибиз зарыл. Бул иштерди бийлик, өкмөт аткарышы керек.

– Жыл ичиндеги терс окуялар катары кайсыларды баалайсыз?

-Жыл ичинде баары эле ойдогудай, жакшы иштер жасалды. Жыл аяктарда бир аз маанайлар бурула түшкөндөй болду. Мурунку президенттин берип жаткан расмий интервьюлары, анын айтып жаткан сөздөрү коомчулукта чоң талкуу жаратты. Эгер биз артка кылчактап, өткөндү каза берсек, убакыт өтө берет, алдыга жылыш болбойт. Менимче, жыл ичинде бири-бирибизди чукумай, таарынычтарды айтмай менен көп кемчиликтерди кетирдик. Мындай болбош керек. Тарыхтын жаңы барагын ачышыбыз, биригишибиз, өнүгүшүбүз керек. Ушак, актануулар, каралоолор менен пайда таппайбыз. Бул бүгүнкү бийликке дагы, бийликтен кеткендерине дагы тиешелүү. «Саясатчы болом» деген адамдар да туура жолду тандап алып, туура иштерди жасашы абзел. Мен дайыма айтам, бөлүнүп-жарылуунун, бири-бирине көө жабуунун лимитин жеп бүттүк. Бизге азыр ынтымак, биригүү, тартип гана керек. Акыркы убактарда жаным ачып жатат. «Бир гезит минтип жазып коюптур», «соцтармакка тигил тигинтип чыгарып коюптур» деген талкуудан алыс кетпей калдык. Президентибиз жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынында бир топ маанилүү маселелерди айтты. Айтылгандардан жыйынтык чыгат деп ишенем.

– Өлкө өнүгүүгө карай кайсы жолду тандашы керек деп ойлойсуз?

– Кечээ Абдыганы Эркебаевдин «Азаттыктын азаптуу жолу» деген китеби чыкты. Китептин бетачарына бир топ интеллигенция өкүлдөрү, жазуучулар, саясатчылар, коомдук ишмерлер, жаштар мууну келип, коомдун өнүгүшү боюнча ой толгодук. Ал жерде да айтылды, өлкөнү өнүктүрүүчү багыттар тууралуу сөз болду. Биздин бир гана жолубуз бар, ал – өнүгүү жолу. Бирөө мени жаман көрүшү мүмкүн, сындашы мүмкүн. «Жаман» деп отуруп, жакшыны кайдан табабыз? Популисттик куру кыйкырыкты, ультиматум коюуну таштоого мезгил жетти. Болбой эле азыр да топ-топ болуп, курултай кылып ультиматум коюп жатышат. Айтарым, токтотолу! Бизге мамлекет керек. Баары өнүгүп жатат, биз токтоп калдык.

– «Бабанов өлкөгө кайтып келиши керек» деген сөздөр айтылууда. Анын келишине саясый даярдык кандай?

– Мен да президенттик шайлоого катыштым. Шайлоодон кийин Бабанов тууралуу мага да суроо беришти. Жооп бергем. Анда да айткам, Бабановдун эң чоң кемчилиги – мамлекеттен чыгып кеткени болду. Дагы айтам, баарын таштап чыгып кеткени – анын чоң катачылыгы. «Мамлекет башына барам, эл жүгүн көтөрөм, жоопкерчилигин алам» деген киши баарына чыдашы керек болчу. Качпашы, кетпеши керек болчу. Кетип алып, кийин кайра келип, айткан дегенинин баары жөн эле актануу болуп калат. Кеменгер элибиз ар бир ипгге биринчи кадамды баалап келет. Бабановдо өз элинде, жеринде калууга шанс болгон. Ал эми иш козголгону боюнча «саясат болчу» деп өздөрү айтып жатышат. Эгер ошондо Бабанов кетпегенде, азыр анын аброю, кадыр-баркы таптакыр башкача болот эле. Албетте, ал келиши керек. Кыргызстандын жараны. Бир топ эмгеги сиңген. Үч ирет депутат, өкмөт башчы болду. Ишкерчилик кылып, экономикабызга салым кошуп келе жатат. Ал биздин ишке тойбогон жаш муундарыбыздын бири. Биз жаштарыбызды, өсүп келаткан муундарыбызды баалай билишибиз керек. Акыл, идея, күч-кубат ошолордон чыгат.

– Текебаевди абактан чыгаруу өтүнүчү менен экс-президент Отунбаева президентке кайрылды, аны парламенттеги фракция лидерлеринин дээрлик баардьпы колдопггу. Президент кандай чечим кабыл алышы керек?

– Текебаев тууралуу президенттин маалымат жыйында айтканы мыйзам чегинде болду. Башкача айтса, аны «кийлигишип жатат» деп күнөөлөмөкпүз. Президенттин камактагы саясатчыларга болобу, башкаларгабы, ырайым берүү – конституциялык укугу. Мындай маселеде өлкө башчысы өзү чечим кабыл алышы зарыл. Экинчиден, жаңы жыл менен жаңы кодекстер күчүнө кирет. Ошол боюнча анын жа-засы жумшартылыгг, ошонун негизинде Текебаевдин иши кайра каралышы, өзү эркиндикке чыгышы керек деп эсептейм. Мен ишенем, Текебаев эркиндикке чыкса, ал ишин кайра каратуута барат жана толук кандуу акталып чыгат.

Маектешкен: Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: