Menu

Амалы ашынган Акылбек

Бөлүшүү:

Теректей бой бергенден көрө теменедей акыл берсинчи деген тилегин азыркылар көп айтып калды. Анткени учурдун түзүлгөн жагдайында бойдон көрө асыл ойго чулганган балдар зарыл болуп турат. Кайсы жерде жүрсө да төбөсү тийип батпаган бойлууларга караганда мекенчилдик намысы бар жаштар миң эсе артык. Чырайына карап, узун бойуна суктана турган убак артта калды, ырасында. Чейрек кылымдан бери саясаттын чордонунда жүргөн, мансаптуу кызматтарды чеңгелдеген, парламентте отурган бир киши бар жарым кылымды карытып койгон. Бүгүнкү күндө да амалы ашынган ушул депутаттын кыялдарына саресеп салсаң укмуштай күлүк ойлорго чөмүлөсүң, керек болсо башыңа чейин көмүлөсүң. Бирок, анын кыялдары эч убакта ишке ашкан эмес, жөн гана фантазияга толгон. Жети облустун ар бирин бай өлкөлөргө берсек жыргайбыз дегенде баары ырсактап күлгөн. Эми дагы бир “долбоорун” токуп журт улуу мартабалуу адамга жолдойм деп жулкунат чиркин. Чамасы марага утуш менен келчү “ырыстуу” партияга киргиси бар окшойт. Ал маселени деле чечип салууга капчыгынын кубаты жетет. Кайра эле бирөөнө илешип мандат алып калышынан күмөн саноого болбойт. Мындайлар кайсыл тешиктен киришти куп өздөштүрүп алышкан. Атаганат, кайран калк ушундай “жолдуулардын” тепсендисинде калганы жанды кашайтат. Бирок, колдон эч нерсе келбейт. Дирижерлук таяк ушулардын колунда, шилтеген сайын ырдай бересиң…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: