1-ноябрь Кыргыз милициясынын майрамдык күнүнө карата ИИМ министринин орунбасарлары Данияр Абдыкаров менен Алмаз Орозалиев генерал наамын алганга чуркап жүрүшүптүр. Албетте чемодандарын көтөрүп алышып. Ушулар генерал наамын алганга жарап калыштыбы деген суроо туулат. Генерал алгыдай кандай кызмат кылышты? Экөө тең жаш, дагы кыргыз элине бир топ кызмат көрсөтүүлөрү керек. Ал эми генерал наамы качып кетпейт. Болбосо генерал дегендер өтө эле көп болуп кетти. Чунак жигиттер десе, кичине амбицияны аттын башындай кылбай коё эле турушса болмок экен. Дагы жакшы тигил Исраилов да чуркап албаптыр кошо генерал алмакчымын деп. Ал кандайча тынч отурат болду экен…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ