Menu

Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Түркияга барды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 25-октябрда түркиялык кесиптеши Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу боюнча алгачкы жолу мамлекеттик сапары менен Түркияга барды.

Өзбекстан президентинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана инвестиция тармагындагы алакаларды кеңейтүү, глобалдык жана аймактык чакырыктар менен коркунучтарга биргеликте каршы туруу, ошондой эле эл аралык көйгөйлөр боюнча пикир алмашуу тууралуу сөз болот.

Сапардын жыйынтыгында түрдүү тармактар боюнча эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, Түркия менен Өзбекстандын ишкерлери ортосунда өз ара пайдалуу байланыштар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана маданий-гуманитардык байланыштарды жандандырууга багытталган документтердин топтомуна кол коюлат деп күтүлүүдө.

Акыркы жолу эки өлкө лидерлери 10-сентябрда Астанада өткөн Илим жана технологиялар боюнча ислам кызматташтык уюмунун саммитинде жолугушкан. Күн мурун Мирзиёев түрк жарандарына виза режимин жеңилдетүү тууралуу токтомго кол койгон. Эми түрк жарандары чакыруусуз үч күн аралыгында виза ала алышат.

Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө Өзбекстанда түрк инвесторлору катышкан 441 ишкана иштесе, алардын 94ү жүз пайыз түрк капиталына таандык. Буга чейин түрк курулуш компаниялары Өзбекстанда 2 млрд долларлык 110дон ашык долбоорду ишке ашырышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: