Menu

Эгемендүү Кыргызстандын өнөр жай саясаты” аталышындагы китеп жарык көрдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын окумуштуусу, Экономикалык өнүгүүнүн теориялык негиздери бөлүмүнүн жетекчиси, экономика илимдеринин кандидаты жана окумуштуу Б.Джаманкуловдун “Промышленная политика суверенного Кыргызстана (“Эгемендүү Кыргызстандын өнөр жай саясаты”) аталышындагы монографиясы жарык көрдү (Б.: Триада-Принт, 2017). Бул туралуу Улуттук Академиянын пресс-кызматы маалымдады.

“Биринчи бөлүмдө өлкөнүн совет доорундагы өнөр жайына сереп салып, 1991-жылдан кийинки трансформациялык кризистин себебин аныктап берүүгө аракет жасадым. Экинчи бөлүмдө PESAC программасына чейин кризистик абалдан чыгуу аракети кандай болгондугу жана аны ишке ашыруунун натыйжасы тууралуу сөз болду. Ал эми үчүнчү бөлүмдө экономиканын реалдуу секторунун баш аламан трансформациясы көрсөтүлүп, төртүнчүсүндө өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиясына жана инклюзивдүү экономикалык өсүштү камсыздоо маселелерине басым жасалды”, – деди монографиянын автору.

Китепте көз карандысыздыктын биринчи күнүнөн тартып, азыркыга чейинки экономика тармагындагы теориялык аспектилер жана Кыргызстанда өнөр жай саясатын жүргүзүүнүн практикасы каралган. Басылма окумуштуу-экономисттерге, аспиранттарга, магистранттарга, ошондой эле экономика илимине кызыккан окурмандарга арналат.

Монография УИАнын Дж. Алышбаев атындагы Экономика институтунун окумуштуулар кеңеши тарабынан басылып чыкты. Рецензенттери – экономика илимдеринин доктору Т.Дыйканбаева, экономика илимдеринин доктору А.Орозбаева жана экономика илимдеринин доктору А.Аюпов.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 + = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: