Menu

17-март саясый упай топтоо күнүнө айландыбы? Атамбаевчилер куран окутумуш болуп, тарапташтарын “учебная тревогага” чогултуп жатат

Бөлүшүү:

Жазгы митингдердин сезону ачылып, башкалаада күн жылыганын адатынча кыргыздар ошол пикеттер өткөзүлгөнүнөн билишти. Эмесе кыздардын жана аларга каршы чыккан «чоролорду» улап, 17-март күнү каргашалуу Аксы окуясы боюнча митингдер өткөзүлүшү күтүлүүдө. «Форум» ишканасынын жанында атамбаевчилер кандуу окуяларды эстеп, аларга арнап куран окутумуш болуп, өздөрүнүн тарапташтарын «учебная тревога» боюнча чогултуп, тизип, кичине күч көрсөтпөсө дагы, «канча киши чогулта алабыз» деп штабдын уюштуруу иштерин сыноого алганы турушат.

Албетте, бийлик тарап 17-март трагедиясын толугу менен Атамбаевге алдыртып коюуга жол беришпейт эч качан. Ошондуктан президент өзү баш болуп Аксыга барып, ал жерде Азимбек Бекназаров сыяктуу регионалдык лидерлери менен дагы бир сыйра саясый иш-чараларды өткөзгөнү турушат. Аксы окуясына быйыл 17-мартта он жети жыл болсо дагы, улуттук тарыхыбыздын бурулуш датасы катары дагы эле чоң мааниге ээ болуп турганы кандайдыр бир үмүт берет. Элибиздин эркиндиги ошол Аксыда шейит кеткен баатырлардын жеңиши болгонун эч качан унутпайбыз. Азыркы бийлик дагы эл менен тирешүү эч качан жакшылыкка алып барбасын билгени да кубандырат. Бирок, ушул улутубуз үчүн маанилүү күндө эки башка митинг өткөзүлгөнүн, шейиттердин жаркын элеси азыркы саясый кызыкчылыктарга пайдаланып атканын биз көңүл кош калтырбашыбыз керек. Келгиле, эмки жылы баарыбыз чогуу, бөлүнбөй-бөлбөй ушул күнү биримдикте бололу?..

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: