Menu

Үй-бүлөлүк зомбулуктан канча аял каза тапты?

Бөлүшүү:

Трагедиялык сандар өсүп баратат. Бүгүнкү күндө терроризмди коркунучтуу жагдай катары кабыл алсак, үй-бүлөдөгү зомбулуктар андан оор болуп, күч алганы цифраларда көрүнүп турат. «Аялдар демократиялык тармагы» коомдук фонду тараткан маалыматка караганда, 2018-жылы Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан 62 аял каза болуп, 288и жаракат алган. «Пикир» изилдөө мекемесинин талдоочусу, социолог Гүлнара Ибраева «бийлик органдары «үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү – биздин негизги маселебиз» деп такай айтышат. Бирок, бул жөн эле сөз. Сөз иш менен көп айкалышпайт. Бюджетти карасаңыз, гендердик теңчиликти камсыз кылуу же зордук-зомбулукту алдын алуу иш-чараларына каражат таптакыр жетишсиз. Буга багытталган мыйзамдын аткарылышына жылына 25 млн. сом керектелет. Ал эми былтыр биринчи жолу 3,5 млн. сом бөлүндү. Бул эмнесине жетет? Экинчиден, ушул багытта ишти көзөмөлдөп, мамлекеттик органдардын ишин координациялай турган орган жок. Ошондуктан зордук-зомбулукка каршы жумушубуз да чачыранды болуп жатат» деп маалымат таратты.

Аталган фонддун иликтөөсү көрсөткөндөй, үй-бүлөдөгү зомбулуктан каза болгондор жана жабыркагандар жыл сайын көбөйүүдө. 2016-жылы 16 аял каза болуп, 176сы жаракат алган. Ал эми 2017-жылы 13 аял каза болуп, 189у жабыр тарткан.
Ошол эле учурда аялдар түрмөсүндө жазасын өтөп жаткан 350 аялдын жүзгө жакыны «киши өлтүрүү» беренеси менен соттолгон. Бул жалпы соттолгондордун 25%ын түзөт. Бул берене менен соттолгон аялдардын жарымынан көбү күйөөсүн же зомбулук көрсөткөн башка адамды өлтүрүп алгандар.

Психологиялык зомбулуктун кандай коркунучу бар?

Көпчүлүк учурда үй-бүлөдө көрсөтүлгөн физикалык зордук-зомбулук темасы коомчулукта чоң талкууну жаратканы менен психологиялык зомбулукка анчалык деле көп көңүл бурулбай калат. Бирок, дал ошол психологиялык зордук-зомбулук физикалык зомбулукка караганда бир топ оор көйгөй жаратат.

Психологиялык зомбулук бул – адамдын психикасына басым көрсөтүү болуп эсептелет. Залим жолдоштун ашкере көзөмөлдөөсү; сиздин ой жүгүртүүңүздү толугу менен тосуп, өзүнүкүн орноткону; ал сиздин кайсы китепти окуп, кандай кино көрөсүз… жана башка ушул сыяктуу майда-барат нерселердин баардыгын көзөмөлгө алат.

Психологиялык зомбулуктун коркунучтуулугу – сырттан караганда эч нерсеси билинбей жана эч нерсе болбогондой эсептелет. Эгер кимдир бирөөгө даттансаңыз, ал «баардык эле түгөйлөр урушат, кайра жарашат» деп көңүл деле бурбайт. Себеби психологиялык зомбулук көрсөткөн залим адам сыртынан башкалар үчүн өтө эле идеалдуу көрүнөт. Тескерисинче, жакындарыңызга сизди жаман көрсөтүп коюшу ыктымал. Мындан улам жабыр тарткан айымдар эки анжы болуп, катуу ойго батышат. Башкаларга башкача мамиле жасаган залим адамды толук түшүнө албай, психикалык жабыркоого учурайт. Өзүнө болгон ишеним жоголот. Жыйынтыгында, толугу менен залим жолдоштун көзөмөлүнө өтүп, анын психологиялык зордук-зомбулугун көрүп, руху талкаланат.

Психологиялык басым жанга батканда эмне кылуу керек?

Аны менен жолукканга чейинки жашооңузду көз алдыңызга элестетиңиз. Кандай жагымдуу күндөр өткөн эле… Жакын досторуңузду, санаалаштарыңызды эстеңиз. Сиз мындай эскерүүдөн сөзсүз түрдө бактылуу болуп жүргөнүңүздү сезе аласыз. Демек, жагымсыз күндөрдү унутуп, жашоону жаңы барактан ачууга сизде толук мүмкүнчүлүк бар. Артка кылчайбаңыз. Психолог адисинен кеңеш алууну унутпаңыз. Рухуңузду азыктандырыңыз. Сиз бактылуу жашоого, сүйүктүү жар болууга жеке көз караш жана өз пикирге ээ болгон инсан болууга толук акылуу экендигиңизди түшүнө билиңиз. Бул абдан маанилүү!

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: