Буга чейин “Ыйман” фондусунда иштеп келген Нуржигит Кадырбеков Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангуловдун орун басары болуп дайындалды. Бул кызматта Айнура Султанбаева иштеп келген. Негизи Нуржигит мырза буга чейин өзүнүн иш билги, терең билими менен элге алынып, өзү жетектеген фонддун ишин алдыга жылдырды. Чынында анын салмагы да, ишке болгон мамилеси да министр Азамат Жамангуловдукунан жогору. Маданият тармагын Жамангуловго караганда терең түшгүнөт. Азамат негизинен карьера жасаганды жакшы көргөн, жогорку жактагы “киттердин” “кол баласы” деңгээлиндеги эле кадр экени байкалып турат. Баса, Кадырбековдун бир “кемчилиги” президенттин жердеши болгондугунда эле болбосо, азырынча андан башка кемчилигин айта албайбыз.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ