Menu

Жылдыз Мусабекова, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Мен тоодо ат минип өскөн кыз катары кайдыгерликке чыдабайм”

Бөлүшүү:

– Учурда 8-март күнү феминисттердин жөө жүрүшкө чыгышы кызуу талкууга алынууда. Бул маселени жалпы жыйында да көтөрдүңүз, кандай жыйынтык болду?

– Орто Азияда биринчи жолу гей-парад өттү. Бизди дүйнө эли, кошуна өлкөлөр шылдың менен карап жатышат. Бул маселе боюнча социалдык тармактарда да ар кандай кептер айтылып, кызуу талкууга алынды. Батыштын желаргысы менен жүргөн Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар көп. Албетте, баардык бейөкмөт уюмдардын атына көлөкө түшүргүм келбейт. Кыргыздын билимин өркүндөтүп, «кор болгон аялдарга көмөктөшүп, укуктук, тарбияяык жаатта мыйзамдарга жардам берем» деген жакшы ойдогу бейөкмөт уюмдарыбыз бар. Алардын ишине рахмат. Бирок, ошол эле учурда «кыгыздын каада-салтын бузам, кыргыздын кыргыз экенин жок кылам» деген уюмдар да жок эмес. Алар күндөн-күнгө күч алып баратат. Билбегенге – бул бир эле митинг, билгенге – бул биздин улуттук баалуулуктарыбызды, кыргыздын үрп-адатын, салтын, маданиятын тебелегендик. «Кыргызстан өнүгүп өссүн, 6 эмес 60 млн. эл бололу» деп айтып жатышат, эркек менен эркек үйлөнүп жатса, биз кайдан көбөйөбүз?!

– Бул митингди ким уюштурган, кимдер жооптуу?

– Мен депутат катары эмес, кыргыздын тоодо ат минип өскөн кызы катары бул нерсеге кайдыгер карап тура албадым. Парламенттик жыйында бул боюнча спикерге талап кылдым. Укук коргоо органдары, тиешелүү жетекчилер 8-март күнү өткөрүлгөн жөө жүрүш боюнча жооп беришсин. Кээ бир укук коргоочулардын айтымында, бул митингди айрым күч органдары уюштурганы боюнча кептер тарады. Ошол боюнча алар келип жооп беришсин, ачыктасын. Эртеңки күнү биз урпактарга кандай тарбия таалим калтырабыз? Өз баласынын өмүрүнөн элдин тынчтыгын бийик койгон Алай ханышасы Курманжан датканы маскаралашты. Бизде Манастын урпактары парламентте отурушат. Таластан, Алайдан чыккан депутаттарыбыз көп. Алар да кайдыгер карабай өз ой-пикирлерин айтыш керек. Бул боюнча депутаттар менен талкуу кылып, тиешелүү комитетке жөнөтөбүз. Тиешелүү комитет маселени карап, кайра ЖКга алып келет, чечим чыгарабыз. Саясый интрига эмес, кыргыздын ыйык мыйзамдарын, салт-санаасын, үрп-адатын сактап калышыбыз керек. Гейлерге каршы чет мамлекеттерде күчтүү мыйзамдар каралган. Бизге да катуу тартип, күчтүү мыйзам киргизилиши керек.

Назима Жумаева

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: